Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Түгөлбай Казаков: Адамдын эмгегин көзү тирүүсүндө баалаш керек


Мурдагы Маданият министри, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков.
Мурдагы Маданият министри, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик наамдарды ыйгаруу тууралуу жарлыгы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Белгилүү коомдук ишмер, мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков наам, сыйлыктардын кадыр- баркы, аны ыйгаруунун жол-жобосу тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.

- Мамлекеттик жогорку даражадагы “Ак Шумкар” ордени, "Кыргыз эл баатыры" деген наамдар кандай тартипте, кимдерге берилиши керек деп ойлойсуз? Кандай эмгектери үчүн мындай сыйлыктарга татыктуу болот?

- Бул маселеде бир нерсени бөлсөк жакшы болот эле, эгер элге аябай эмгеги сиңген адам болсо баягы Советтер Союзундагы "Социалисттик эмгектин баатыры" дегендей эмгектин баатырын өзүнчө бөлүш керек да. "Кыргызстандын баатырын" эбегейсиз чоң эрдик көрсөткөн, эгемендигибизди коргоп калган, мамлекеттүүлүктү түптөөгө салым кошкон адамдарга берсе жакшы болмок деп ойлойм.

- Кыргызстанда көп сыйлыктар, мамлекеттик наамдар бар. Аларды тапшырууда, алууда бир топ таарынычтар, сындар коштолуп келет...

- Адамдын эмгеги, мамлекетке, элге жасаган иштери көзүнүн тирүүсүндө бааланышы керек. Көзү өткөндөн кийин ага мындай наамдын кереги барбы? "Айрым маркумдардын эмгеги учурунда бааланбай калган, анан азыр берип жатабыз" деп жатышпайбы. Мисалы, Казакстандын Мукагали Макатаев деген абдан таланттуу акыны 1974-жылы, 43 жашында каза болгон. Аны тирүүсүндө ар кандай сыйлыктарга көрсөтсө, жолотпой коюшкан. Өлгөндөн 26 жыл өткөндөн кийин, 2000-жылы мамлекеттик сыйлык берилди. Тирүүсүндө баалабагандан кийин мындай сыйлыктын кереги барбы?

Ар бир адамдын сыйлык, наамга мамилеси ар кандай экен. Кимдир бирөөлөр үчүн кандайдыр бир наам же сыйлык алдыга умтулууга шык берген стимул. Чанда эле адамдар мартабалуу сыйлык менен наамга маани бербейт экен. Бирок мындай кишилер аябай эле аз, дээрлик жокко эсе десем болот.

- Сыйлыктар, аны алгандардын саны менен өлкөнүн өнүгүү деңгээлин салыштырса болобу? Ушунчалык көп сыйлыктар жана наам алгандар болсо илим-билим өнүгүүсү, жаңы ачылыштар, топ жарган саясий ишмердиктер, жогорку даражадагы дипломатиялык ишмердиктер да көп болуш керек беле?

- Сыйлыктардын саны менен өлкөнүн өнүгүүсүн кыйыр түрдө байланыштырса болот, бирок түздөн-түз деп айта албайм. Өлкө өнүгүүсү үчүн анын экономикасы күчтүү болуп, материалдык жана руханий багыт катар кетсе жакшы болмок. Азыркы тапта материалдык мүдөө руханий максаттардан ашып кетти. Мындай болгон жерде кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы иштеп калат. Улуу түшүнүктөр, дөөлөттөр иштебей, адам материалдык гана кызыкчылыкты көздөп калат. Азыркы маселенин баарын акча менен чечкендей көрүнүш да. Руханий дүйнөсү кыйрай баштаган коомдун соңу жакшы болбойт.

- Быйыл “Кыргыз эл баатыры” болгондордун арасында Болот Шамшиев, Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Арстанбек Дүйшеев, Камчыбек Ташиев да бар, чындап эле бул инсандар сыйлыкка татыктуубу? Кайсы эмгектери элге өтө маанилүү?

- Азыр жүз кишиден ушул адамдар мамлекеттик наамга татыктуу беле деп сурасаңар, жүз башка жооп угасыңар. Себеби, эч ким алардын кандай эмгек кылганын анализдеп отурган жок. Бул наам алгандардын чындап эле эмгеги сиңгендир, балким айрымдары саясий боёк менен наамга жетип жаткандыр. Эми бул багытта ар кандай ойлор баары бир айтыла берет. Сыйлык тапшырган комиссия эмненин негизинде дал ушул адамдарга берүү чечимин чыгарды, талкуулар кандай өттү, атайын жобого ылайык келген адамдарга наам берилип жатабы деген суроолор баары бир жоопсуз калууда.

"Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наам кандай учурда, кайсы эрдиктери үчүн берилиши керек экенин элдин көбү билбейт да. Ал эми комиссия мурда жазылган жобонун негизинде карап жатпайбы. Эл ал жобону окубайт, наам алган адамдын өзүн карап туруп, кылган ишмердигине жараша баа берет. "Кыргыз эл баатыры" деген наам эгемендикти коргоого, өлкөнүн көз карандысыздыгын сактап калууда чоң эрдик жасаса берилет. Жөнөкөй мисал айтайын, Кыргызстандын тышкы карызын чыгынып туруп төлөп койгон бир азамат болсо ага берсе болот. Себеби, ал өлкөнүн көз карандысыздыгын коргоду да. Ал эми азыркы алып жаткандар кандай критерийде тандалганы элге белгисиз бойдон калууда.

- Мындай нааразычылыктардын алдын алса болот беле? Азыр интернетти элдин баары колдонот, социалдык медиа аркылуу дал ушул наам, сыйлык берүү процессин ачык тандоо кылуу мүмкүнчүлүгү деле бар эмеспи.

- Албетте, ушундай талаш-тартыш жүрүп жаткан болсо, коом нааразы экенин билген комиссия мүчөлөрү жок дегенде басма сөз жыйынын өткөрүп, эмне себептен жогорку даражалуу наамды ыйгарып жатканын, ал боюнча атайын жоболорду, талаптарды калың элге ачык айтып чыкса туура болмок.

"Баланчаевдин бул эрдиги дал ушул наамдын жобосуна туура келди" деген далилдүү сөзүн айтса эмнеге болбосун? Анан дагы бир оюм бар Кыргызстандын жерин башка өлкөлөргө берүүгө түздөн-түз же кыйыр тиешеси бар адамдарга эч качан мамлекеттик бийик наам жана сыйлыктар берилбеши керек. Ушундай эрежени жобого жазып койсо жакшы болмок.

Мисалы Советтер Союзу кыйрай электе Советабад аттуу жер Өзбекстандын аймагына өтүп кетти. Ордуна баланча миң чакырым жер аласыңар деген, бирок бир чарчы сантиметр жер алган жокпуз. Турдакун Усубалиев муну өзүнүн китебинде да жазган, дал ошол Усубалиевдин учурунда жер берилип кеткен. Советабадды берүүгө макулдугун берген Усубалиев кийин "Кыргыз эл баатыры" болду. Биз минтип олтурсак Үзөңгү-Куушту Кытайга берип жиберген Аскар Акаев да эртең "Кыргыз эл баатыры" деген наамды алышы мүмкүн. Кыргызстандын бүтүндүгүн бузган, аймагын башкага бергендерди мамлекеттик наам, сыйлыктарга жолотпоо керек. Себеби ал кишилер келип- кетет, бирок Кыргызстандын жери кемип жатпайбы, аны эми ким кайтарып алат?

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG