Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

"АКШга кетүүнү көздөгөндөр көп". Мигранттарды орус паспортун алууга түрткөн жагдай


Орусиянын башкалаасы Москва.
Орусиянын башкалаасы Москва.

Соңку учурда орус паспортун алган кыргызстандыктардын саны өсүп жатканы байкалды. Муну расмий маалыматтар айгинелеп турат. Статистикага таянсак, былтыр алардын саны 37 миңди түзүп, соңку беш жылда рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Кыргызстандык укук коргоочулар мобилизацияга тартылган мигранттар арасында жардам сурап кайрылгандар көбөйгөнүн белгилеп жатышат.

Адистердин жана орус паспортун алганы аткандардын өздөрүнүн айтымында, жарандык алгандардын көбү орус паспорту менен визасыз кирип-чыга турган өлкөлөргө бет алууну көздөйт. Негизги багыт катары Батыш өлкөлөрү каралган. Мексика аркылуу Америкага кетүүнү максат кылышат.

29 жаштагы Аман бир топ жылдан бери Орусияда үй-бүлөсү менен иштейт. Февраль айында Орусиянын жарандыгын алам деп күтүп жатат. Жубайы жарандыкты мурда эле алгандыктан ага жеңилдик берилет. "Азаттык" Аманды кепке тартты:

-Эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүгүңүз эски, союз учурундагы болсо да оңой экен, жолдору бар экен. Жарандык алганга сөзсүз негиз болуш керек экен. Мисалы күйөөңүз же аялыңыз Орусиянын жараны болуп, ортодо бала болсо дагы тезирээк алса болот. Мындай учурда кеминде алты айда паспорт аласыз. Менин аялым орус паспортун алган. Мен октябрда алышым керек эле, бирок баш тартышкан. Анткени анда расмий түрдө иштебейм деп көрсөтүп койдум эле документтерге. Кийин ал чыгып калып, баш тартышкан. Анан Кыргызстанга чыгып келип кайра башынан тапшырдым. Дагы бир оңой жолу - ЗАГС аркылуу. Орус жараны менен жасалма никеге туруп алса дагы оңой болот экен.


- Ошентип алгандар барбы?

- Толтура, өзбек, тажиктердин көбү ошентип эле алып жатышат. ЗАГСка барсаң бүт эле кемпирлерди алып келип алышкан паспорт алыш үчүн. Паспорт алып жаткандар көп эле, бирок бардыгынын негиздери бар. Бардыгы менен сүйлөшүп көрдүм. Мурдагыдан документ алуу азыр жеңилирээк, көп нерсе жеңил.

- Сиз орус жарандыгын алгандан коркпой элесизби. Анткени мобилизация деп көптөрү Орусиядан кетип жатышпайбы?

- Жок, бул жакта тыптынч. Биздин кыргыздар эң биринчи дүрбөлөңгө түшкөн адамдарбыз го. Мобилизация дегенде эле качып кетишти. Алар кайта эле келишти. Мен дагы күтүп жатам. Алып эле башка жакка чыгам деп отурам. Болбосо кызыкчылыгым деле жок эле. Мексика аркылуу Америкага кетебиз деп отурабыз. Азыр көп жолдор ачылып калды. Орусиянын жараны болсоң, түз Мексикага уча аласың. Менин орус паспорту бар тааныштарымдын көбү кетип калды.

Украинадагы согуш, Орусия кан күйгөн талаага миңдеген аскерлерди жөнөтүү үчүн жарыялаган мобилизациясынын фонунда Аманга окшоп орус паспортун алган кыргызстандыктар жүздөп саналат. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова былтыр Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 37 миңге жеткенин айтып, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштаган.

Эл өкүлү Украинадагы согуштан улам алар Кыргызстанга келе албай жатканын, бул өлкөдө жалпы мобилизация жарыяланып калса, алар согушка жөнөтүлүп калышы ыктымалдыгын айтып чыккан.

Шарапаткан Мажитова
Шарапаткан Мажитова

"Жакынкы убактан бери Орусиянын чек арачылары орус паспортун алган КМШ мамлекеттеринен барган жарандарды өлкөдөн чыгарбай, тыюу салган мыйзам чыгарыптыр. Аны алар Орусия-Украина согушуна байланыштырып, "мобилизация тизмесине киргенсиңер, эгер мындан кача турган болсоңор дезертирчилик боюнча кылмыш жазасына тартыласыңар" деп эскертип жатышыптыр. Орус жарандыгын алып, бирок бул жакка келип алгандар өзүбүздүн арабызда жүрүп дагы корко башташты. Эгер Орусия жалпы мобилизация жарыялай турган болсо алар сөзсүз барышка туура келет. Анда Кыргызстан өзүбүздүн жарандарды сактап кала албайбыз. Анткени эки өлкө ортосунда кош жарандуулук тууралуу келишим жок, Орусия кыргыз жарандыгын тааныбайт. Мурда аскердик кызматтан өткөндөргө гана жарандык берсе, азыр аны жоюп жеңилдиктер берилиптир. Ошондуктан акыркы алты айда эле 37 миң кыргызстандык орус паспортун алыптыр", - деди Мажитова.


Кыргызстанда өз жарандыгынан баш тартпай туруп, орус жарандыгын алган учурлар бар экени белгилүү.

2011-жылы 13-июлда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын жарандыгы" тууралуу мыйзамынын 22-беренесине ылайык, кыргыз жарандыгын сактап калуу менен чет мамлекеттин жарандыгын да алууга уруксат берилет. Мыйзамда эгерде башка мамлекеттин жарандыгын алуу Кыргызстандын мыйзамдарына жана чет мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбесе, мамлекеттер ортосунда мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселеси боюнча Кыргызстан дагы катышкан эл аралык келишимдер бар болсо гана уруксат берилет.

Кыргызстандык укук коргоочулар мобилизацияга тартылган мигранттар арасында жардам сурап кайрылгандар көбөйгөнүн белгилеп жатышат. Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага акыркы эки аптада ондогон мигрант жардам сурап кайрылган экен.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Биринчи кезекте кеңеш сурап жатышат. Экинчиден, "Москвадагы кыргыз элчилиги бизге жардам бербей жатат. Кыргызстанга чыгып кетели, жардам бериңиз" деген кайрылуулар. Алар эми Кыргызстандын эмес, Орусиянын жарандары болуп жатышпайбы. Анан элчилик эмне дейт, алардын укугун кандай кылып коргойт? Экинчи тараптан менде башка кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын алып алышпасын, ойлонсун деген дагы ой келди. Орусияда жарандык берүүнү өтө жөнөкөйлөтүп койду, алар келечекти ойлонбой алып жатышат. Ал боюнча Кыргызстанда бир дагы иш жүргүзүлбөй жатат. Албай тургула, согушка алып кетүү коркунучу бар дегенди карапайым эл кабыл албай жатат. Жөлөк пул, жумуш орундарын, каттоого турууну ойлонуп жатышат. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Жогорку Кеңеш талкуулап, дипломатиялык каналдар менен сүйлөшүү жүргүзүү зарыл. Кыргызстанга келгендерге жарандыгын кайра алууну жөнөкөйлөтүү керек," - деди Абдирасулова.


Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар тууралуу ар кайсы булакта ар кандай маалымат айтылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко буга чейин маалымат жыйында 2021-жылы 19 миң кыргызстандык орус паспортун алганын, бул 2020-жылга салыштырмалуу 58% көп экенин билдирген.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, 2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында 10 632 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган.

Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Алты ай ичинде 74 160 тажикстандык, 21 647 казакстандык, 13 099 өзбекстандык, 1 549 түркмөнстандык атуул Орусиянын жарандыгын алган.


Орус элчиси буга чейин жарандыкты социалдык колдоо алуу үчүн алып келишсе, эми өкмөт буга кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү пландап жатканын билдирген. Бирок Украинадагы согуштун фонунда тескерисинче айрым жеңилдиктер каралган. Мурда орус армиясында аскердик кызмат өтөгөндөн кийин жарандык берилчү. Азыр мындай чектөө жок. Бирок Орусиянын жарандыгын алгандан кийин алар аскерге чакырылат, ант берет. Андан ары согушка тартылар-тартылбасын бул өлкөнүн бийлиги өзү чечет.

Миграциялык тенденцияларга байкоо салып турган Кыргызстандагы "Инсан Лейлек" коомдук фонду Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, 2022-жылы 37 миң кыргызстандык орус паспортун алганын билдирди.

Фонддун маалыматы боюнча:

  • 2017-жылы - 7800;
  • 2018-жылы - 8500;
  • 2019-жылы - 12450;
  • 2020-жылы - 18600;
  • 2021-жылы - 20 миң;
  • 2022-жылы - 37 миң кыргызстандык орус паспортун алган.

Орусияда былтыр сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган. Анда 300 миңге чукул адам аскерге тартылган. Миңдеген жарандар учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кетишкен.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысынын жакында эле жарандык алган мигранттарды согушка тартуу тууралуу билдирүүсү кыргызстандыктарды ойлондурууда. Буга чейинки мобилизация учурунда тынч иштегендер арасында Кыргызстанга кайтып келгендери дагы жок эмес.

Жакында эле Украинанын бийлиги Орусия аннексиялап алган Крымда мобилизациянын жаңы толкунуна даярдык көрүлүп жатканын маалымдады.


Киев февралдын соңунда Орусияда жапырт аскерге чакыруу башталат деп божомолдойт. Москва бул тууралуу үн ката элек, бирок мобилизация тууралуу былтыр президент чыгарган жарлык күчүндө экенин бышыктады.

"Инсан Лейлек" коомдук фондунун жетекчиси, мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмесинин негиздөөчүсү Гүлнара Дербишеванын оюн угалы:

"Былтыр сентябрда жарым жартылай мобилизация жарыяланган учурда эле булар биздин мигранттарга да көз салат дегенбиз. Ошондой эле болду. Ошол кезде элчилик кыргыз паспорту барлар согушка катышпагыла, силерге кылмыш иши козголот деп маалымат берди. Ал эми Орусиянын паспорту бар жарандар тууралуу маалымат так эмес болчу. Анткени юридикалык жактан коллизия болду. Ошондо бир эле Орусиядан чыгып кетиш керек деген маселе бар эле. Муну биз бардык топтор аркылуу маалымат берип жаттык. Бирок мигранттар трагедиянын масштабын сезбейт эле. Украинадагы жоготууларын эске алганда экинчи мобилизация деле боло турганы белгилүү болчу. Ошондуктан ал жактагы мигранттарга дале аракет кылып көргүлө, жашаган жериңерди алмаштыргыла деп жатабыз. Кандай болсо дагы биздин өкмөт, тийиштүү мекемелер бирөөнүн согушуна биздин жердештерди алып кетпеш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек", - дейт Дербишева.

Мындай чакырыктарга карабай тобокел кылып Орусиянын жарандыгын алууга камынгандар да жок эмес. Алардын бири Бекжан:

"Мобилизация деле бүттү окшойт. Кетсе чогуу кетебиз, кетпесе калабыз. Барсак Орусияга кичине салым кошуп келебиз. Армияга барып кызмат өтөгөндөрдү алып кетиши мүмкүн, кызмат өтөбөй, жашы өтүп кеткендерди алып деле кетпейт", - деди ал.

Москвадагы "Ноокат" коомунун төрагасы, ишкер Толкунбек Акматов чек арадан өткөрбөй койгон учурларды байкабаганын айтты. Ал жарандык алуу жеңилдеди же орус паспортун алгандар мурдагыдан көбөйдү дегенге деле көп кошулбайт. Анын айтымында, миграциялык эрежелердин катаалдашынан улам Орусияда туруктуу иштеп жаткандар жарандык алууга аракет кылышууда. Өзгөчө кыз-келиндер арасында көп.

Ал эми Орусиядагы кыргыздарга укуктук жактан жардам көрсөтүп келе жаткан адвокат, укук коргоочу Гүлиза Акматсияева жарандык алууга байланыштуу кеп-кеңеш сурап кайрылгандардын саны соңку кырдаалдарга карабай азайбаганын белгиледи.

"Жарандык боюнча кайрылгандар бар. Жарандык алат элем, Орусияда балдарым менен калат элем деген адамдар аябай азайып кеткен жок. Ырааттуу чалып, кеп-кеңеш алып турушат. Кандай болгон күндө да Орусия чоң держава болгондуктан жумуш көп, ресурс бар. Негизи эле жарандык алуу демилгесин аялдар биринчи көтөрөт. Анткени медициналык камсыздандыруу, балдарды бул жакка алып келгенде каттоого тургузуу сыяктуу орчундуу маселелерди чечүү үчүн алганга аракет кылышат. Көп балалуу үй-бүлөлөргө акча бөлүнөт, ошол жагын карашат. Кээде жарандык деле айрым маселени чечпейт. Адамдардын өзүнөн эле, жарандыксыз деле ийгиликке жетип жатышат. Жарандык алам деп шылуундарга алдангандар да кайрылат. Жайында 45 жаран эң азы 200 миң, көбү 750 миң рубль берип алданып калганын айтып кайрылды. Жалпы 6,5 млн. рублга алданып калышыптыр. Кыргызстанга чыга албай жатам деп кайрылгандар болгон жок", - деди адвокат Акматсияева.

Орусияда абакка кесилген кыргызстандыктар да "Вагнер" аркылуу Украинадагы согушка тартылып жаткан учурлар ырасталууда. Балдарынын майданда каза болгону тууралуу "кара кагазды" WhatsApp аркылуу алып, сөөгүн табууга юристтерден жардам сураган ата-энелер бар.

22-январда Орусияда абакта отурган кыргызстандык Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон. Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза болгон 30 жаштагы Аян орус жарандыгын алган эмес. Ушул тапта Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясы абактагыларды Украинадагы согушка жапырт тартып жатканы кабарланууда. Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны азыркы тапта чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Кыргызстан эгемендикти алган 30 жылдан ашуун убактан бери орус паспортун алган кыргызстандыктардын саны 650гө жеткен. Ошол эле учурда орус жарандыгынан чыгып жатканын жазгандар да болууда. Адистер жарандыктан чыгуу алганга караганда татаал экенин белгилешет.


Азырынча орус жарандыгын алган канча кыргызстандык Украинадагы согушка мобилизацияланганы тууралуу так маалымат жок.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров былтыр үч ирет Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койгон. Ага ылайык, 6 413 кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилген. Алардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн. Орусиянын жарандыгынан чыгып кыргыз паспортун алгандар боюнча дагы маалымат айтылган эмес.

Орусиянын Мамлекеттик кызматтар порталы чет элге чыгуу үчүн берилчү биометрикалык паспортко арыз кабыл алууну 2-февралда токтотту. "Госзнак" мекемеси муну тышкы паспортко жана документтеги микросхемаларга талаптын жогорулашы менен түшүндүрдү. Схемаларды чыгарган "Микрон" ишканасы маалыматты тастыктады.

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:

Мигранттарды орус паспортун алууга түрткөн жагдай
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:22 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG