Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:19

"Чек арадан чыгарбай коюшту". Мобилизацияга тартылган мигранттар


Мобилизацияга тартылгандардын аскердик билеттери. Орусия.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысынын жарандык алган мигранттарды согушка тартуу тууралуу билдирүүсү Орусиядагы кыргызстандыктарды ойлондурууда. Буга чейинки мобилизация учурунда тынч иштеген айрымдар Кыргызстанга кайтууну көздөп турушат.

"Мобилизация тизмесинде барсыз" деп чек арадан чыгарбай койду"

Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык Бекболот Орусиянын жарандыгын көп жыл мурда алган. Ал Жаңы жылды ата-энеси менен чогуу тосуу максатында декабрдын аягында Кыргызстанга келүүгө аракет кылып, бирок чек арадан чыга алган эмес.

"Жарандык алганыма көп жыл болду. Иштейм. Мобилизация жарыяланганда 1-агымында чакырып, жарым сааттай аңгемелешүү болгон. Декабрдын аягында Жаңы жылды кызым, ата-энем, туугандарым менен тосуп келейин деп Кыргызстанга бараткан машинеге отуруп, жөнөгөм. Ошону сезгендей, самолетко билет албай, чогуу айдашып кетем деп, тааныштарымдын машинасына отурдум эле. Казакстан менен чек арага жеткенде ал жерден өткөрбөй коюшту. Орус чек арачылар сылык гана "сиз мобилизациялык тизмеде экенсиз. Мыйзам деген бар, кайтыңыз, 12-февралга чейин чет жакка чыга албайсыз" деп түшүндүрүштү. 20-декабрда Москвадан чыктык эле, 22синде кайра кайтып келдим".


Маектешибиздин жашы элүүдөн ашкан. Алгачкы мобилизация жарыяланганда 50 жаштан ашкандар аскерге алынбасын деп айтылганы менен айрым орус жарандыгы бар кыргызстандыктарды 60 жашка чукулдап калса да "даярдык иштерге" деген себеп менен алып кетишкенин укканын билдирди.

"Мени аскер комиссариатына чакырышканда балам, бир туугандарым тынчсызданып, "Кыргызстанга эле кетесизби, кандай кылсак" деп сурашты. "Бир баласы барларды, жашы элүүдөн ашкандарды да албайт экен" десем, унчукпай калышкан. Бирок жарандыгы бар кыргызстандыктарды анысына деле карабай алып кетип жатканын угуп жаттык. Көп баласы барларды, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштегендерди деле алып кетип жатышат".

"ФСБ жердин түбүнөн таап чыгат"

Орусияда былтыр сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган. Анда 300 миңге чукул адам аскерге тартылган. Миңдеген жарандар учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кете баштаган. Алардын көбү Казакстанга, Грузияга, Арменияга, Азербайжанга, Кыргызстанга, Монголияга, Түркияга жана башка өлкөлөргө жер которушкан.

Биздин маектешибизге бул жолу катаал чаралар көрүлөрүн, Орусиянын коопсуздук кызматы аскерден качкандарды аябай турганын аскер комиссариатында эскертишкен.

"Мага ачык эле айтышты. Сентябрдагы мобилизация учурунда да, азыркы мезгилде да сыртка чыгып кеткендерге сурагы чоң болорун эскертишти. Мигранттарга гана эмес, өздөрүнүн улутташтарына да ырайым болбосун, Федералдык коопсуздук кызматы "жердин түбүнөн болсо да таап чыгарын" айтышты. Менимче бул жолку мобилизация мурдагыдай ачык эмес, бирок катаал болчудай".


Орус бийлиги жаңы жылдан кийин аскерге мобилизациялоонун экинчи этабы жарыялары тууралуу кабарларлар соңку мезгилде кызуу талкууланып жатат. Буга чейин Украинанын бийлик өкүлдөрү чалгын кызматынын маалыматтарына таянып, мобилизациялоо январда башталышы мүмкүн экенин билдирген. Айрым маалыматтарга караганда бул жолу 500 миңге чамалуу адам аскерге чакырылары айтылууда. Дал ушундай шартта орус жарандыгы бар Борбор Азиядан барган мигранттар да Украинадагы "аскердик операцияга" тартылышы керектигин Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин "Российская газета" басылмасына курган маегинде билдирди. Ал чет элдик мигранттар, анын ичинде Кавказ менен Борбор Азиядан келип, орус жарандыгын жаңы алгандар миллиондон ашуун экенин, алар укугу менен кошо аскердик милдетин аткарууга тийиштигин да айткан.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар аскердик мобилизациянын 1-этабында көп маани берилбегени менен, Украинадагы "аскердик операцияга" барып келгендер, алардын жакындарынан алынган түрдүү маалыматтардан улам, мигранттар арасында кооптонуу күч экенин, Кыргызстанга кетүү тууралуу көбүрөөк айтылып жатканын белгилешүүдө.

"Согушка баргандар аны айтууга акысыз"

Москвадагы кыргызстандык коомдук уюмдардын бирине аты-жөнүн айткысы келбеген жарандын туугандары кайрылышкан. Алар иниси Украинадагы согуштан жарадар болуп кайтып келгенин, Москванын айланасындагы аймактардын бириндеги ооруканада дарыланып жатканын, бирок бул тууралуу туугандарына эч кандай маалымат берилбегенин айтып, нааразы болушкан.

"Украинага баргандардан "эч жакка, эч кимге маалымат бербейм" деген тилкат алынат экен. Бул жалал-абаддык жигиттин туугандары да анын каерде, кантип жараат алганын билишпейт экен. Ал болгону жарадар болуп, ооруканага жатып калганын эле эптеп жакындарына билдириптир. Барса киргизбей, силерге андай маалыматты ким берди деп, Кыргызстанга чейин чалып, сурашыптыр. Ушундан улам баарыбыз эле бирөөгө бирдеме дештен чочуркап турабыз. Туугандарынан "бала кантип калды, акыбалы жакшыбы?" деп сурасак, жооп бергенден качып атышат", - деди атын атагысы келбеген мигрант.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы расмий маалыматына ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Азырынча орус жарандыгын алган канча кыргызстандык Украинадагы согушка мобилизацияланганы тууралуу так маалымат жок.

Украинадагы согушка тартылгандардын сүрөтү коюлган баннер. Москва. 2022-жыл. (Сүрөт "Азаттыкка" Вотсап аркылуу келди)
Украинадагы согушка тартылгандардын сүрөтү коюлган баннер. Москва. 2022-жыл. (Сүрөт "Азаттыкка" Вотсап аркылуу келди)

Орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын бири Чыңгыз Жамбилов аскерге чакыруу келсе, барбаска айла жоктугун айтты.

"Согуш албетте жаман. Мен коркпосом да, жакындарым коркот, чочулайт. Үй-бүлөм, ата-энем кабатыр болот, болуп жатат. "Алып кетип калса кандай болот" дешет. Бирок жарандык алып, жаран болгондон кийин милдеттерибизди аткарууга тийишпиз. Нанын жеп, суусун ичкен соң, каршылык жок".

Орусия "Украинадагы операцияга" катышууга алгачкы мобилизация жарыялардын алдында, былтыр август айында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Орусиядагы элчиликке диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган.

Элчилик Кыргызстандын жарандарына башка бир өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн согушууга катышуу мыйзам жоопкерчилигинде караларын эскерткен. Ал эми Орусия жарандыгын алган кыргызстандык мигранттар үчүн элчилик жооп бере албасын билдирип келет.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салган. Москванын расмий маалыматтарында согуш башталгандан бери Орусия 6 миңге жетпеген аскеринен ажыраганы айтылып келет. Ал эми дүйнөлүк эксперттер орус армиясынын жоготуусу 100 миңге чамалап барарын билдиришүүдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG