Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Мобилизациядан улам 400 миңдей орусиялык Казакстанга өтүп, 300 миңдейи кайра кайтты


Казакстанга келген орусиялыктар. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстанга келген орусиялыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согушка байланыштуу Орусияда мобилизация башталган соң 400 миңдей орус жараны Казакстанга өтүп, 320 миңдейи кайра чыгып кетти. Бул тууралуу Казакстандын эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Тамара Дуйсенова журналисттерге билдирди.

Анын белгилешинче, эмгек мигранттарын кошкондо учурда Казакстанда 100 миңдей орусиялык жаран жашап жатат.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин миңдеген жарандар учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кете башташкан. Алардын көбү Казакстанга, Грузига, Арменияга, Азербайжанга, Кыргызстанга, Монголияга, Түркияга жана башка өлкөлөргө жер которушкан.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-октябрда Путин менен жолуккан учурда, мобилизациялык чаралар аяктаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, мунун алкагында 300 миң адам аскерге тартылды. 82 миң адам Украинадагы согушка жөнөтүлүп, 218 миң адам машыгуудан өткөрүлүп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG