Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Каракалпакстан: айыпталгандардын айрымдары күнөөлөрүн моюнуна алды


Каракалпакстандын борбору Нукустагы окуялар 1-2-июлда болду.
Каракалпакстандын борбору Нукустагы окуялар 1-2-июлда болду.

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан Автоном Республикасындагы тополоңдорго байланыштуу айыпталгандардын айрымдары күнөөсүн толук моюнуна алса, кээлери коюлган кинеге жарым-жартылай макул болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жергиликтүү Gazeta.uz басылмасына таянуу менен жазды.

Соттук кароо 28-ноябрда Бухара шаарында башталган. Судья да, прокурор да каракалпак тилинде сүйлөп, айыпталуучулар да ошол тилде жооп беришти.

Өзбекстандын Жогорку соту 22 адамга айып тагылганын билдирген. Аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “атайылап оор зыян келтирүү”, “атайылап адамдын денесине залал келтирүү”, “Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирүү”, “талап-тоноочулук”, “уурдоо жана бузуу”, “массалык башаламандык”, “бейбаштык” жана башка беренелер боюнча айып тагылган.

Каракалпакстандын борбору Нукустагы окуялар 1-2-июлда болду. Анда демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышып, 516 кармалган, кийин бир нечесин коё беришкен. Тиреште 21 адам каза болуп, 274 адам жабыркаган. Бейрасмий маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны миңден көп.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле. Мындан сырткары алардын референдум аркылуу өз алдынча бөлүнүү укугу жоюлганы жаткан.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду. Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланган.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG