Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

2022-жыл: Мигранттардын көкөйүнө тийген беш маселе


Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борбор

Орусияда соңку бир жылда миграциялык талап-эрежелер катаалдашты жана "кирди-чыкты" жол-жобосунун айынан жол кырсыгында 14 кыргыз жараны мерт болгон окуя катталды. Орусиянын Украинага каршы согушунун айынан киргизилген санкция, аскердик мобилизация түйшүк жаратып, мигранттар арасында кооптонууну бир топ күчөттү.

Ал арада Москвадагы кыргыз элчисинин ишине, мамлекеттик миграциялык саясатка байланыштуу сын-доомат күчөдү. "Азаттык" 2022-жылдагы миграциялык ал-абалды, жагдайды, негизги көйгөйлөрдү талдады.

Медициналык кароо жана анын түйшүгү

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, бул өлкөгө 2021-жылдын аягына чейин келген чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин медициналык кароодон өтүп, бармак изин каттатып, сүрөткө түшүшү керек. Кыргызстандык мигранттар милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү кыйла машакаттуу иш экенин айтып келишет.

Маселен, Москвада жашагандар шаардан 70 чакырым алыс Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго сөзсүз барышы керек. Ал жердеги узун кезек, шарттын начардыгы, кызматкерлердин орой мамилеси көбүнүн көкөйүнө көк таштай тийди. Ага анализи начар чыккандарды кошумча текшерүүгө жөнөтүү, белгилүү бир бейтапканада гана дарыланууну талап кылуу дагы мигранттарды кыйла жүдөттү.

Алардын бири, кыргызстандык Айдана аттуу 23 жаштагы кыз эжеси медициналык кароодон өткөндөгү азап-түйшүктү "Азаттыкка" айтып берген.

"Клиникага да башынан анализ тапшырып, эки жумадан кийин жыйынтыгын алганы кайра барганбыз. Анализ таза чыкпаптыр, бирок кандай оорусу бар экени жөнүндө да маалымат жок. Жөн эле "кан таза чыккан жок" дешти. Аны тастыктаган аныктама да беришкен жок. Каны таза чыкпагандарды өздөрүнүн ооруканасында гана дарылап жатат. Ошол жерде жаткандардан сурасак, башка жактан алынган анализдердин жыйынтыгын да жаратпай жатышыптыр. Айрымдары ортодогу тыныгуу менен 40 күн укол алышы керек экен. Бизге 18 миң рубль болот деп жазып беришти. Кээ бирөөлөрүнө мындан да кымбат айтышыптыр. Анализине 6 миң рубль кетет. Ошентип баш-аягы 35-40 миң рубль кетип калат. Анын үстүнө бир ай жумушка чыкпайсың. Бул жакка келгендердин баары эле оокат кылалы деп жүрүшөт".


Сахароводогу абалды Жогорку Кеңеште "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков бир нече жолу көтөргөн жана тиешелүү министрлик-мекемелерге, элчиликке атайын тапшырмаларды берүүгө чакырган. Депутат жакында эле Орусияга дагы барып келген.

"Биз Сахароводогу маселени көтөргөндөн кийин министрликке, элчиликке тапшырмалар берилиптир. Биздин элчилик Орусиянын Башкы прокуратурасына жана саламаттык сактоо тармагындагы мыйзам бузууларды караган "Росздравнадзорго" кайрылыптыр. Ал жерден адегенде "жакшы айттыңар, биз буга чара көрөбүз" деп жаткан экен. Андан кийин эле "Сахарово борборунун талабы туура эле экен, аргасыз чара болуп жатыптыр, медициналык кароодон өткөрүү керек, башка жолу жок" деп ошолордун сөзүн сүйлөп калыптыр. Анан биздин элчилик сүйлөшкөндө "эгер ишенбесеңер, анда өзүңөрдүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүн жөнөткүлө" деп айтыптыр. Сиздерге протоколдук тапшырма, ал жакка Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүн жөнөтүңүздөр. Ал жактын тийиштүү мекемелери менен сүйлөшсүн, биздин адистер кошо текшерсин. Ал жерде венерикалык оорулар 60 жаштагы апалардан бери чыгып жатыптыр. Ошол жерде үй-бүлөлөр бузулуп, "мен сенден муну күткөн жокмун, акмак" деп бири-бирине талак берип кетип атыптыр. Эми ал борбордо адамдар биринин жүнүн бири жейт, миңдеген адам кезекте турат".

Бул маселени парламентте дагы бир депутат Сеидбек Атамбаев көтөрүп, ага кат жазган мигранттардан кайрылуусун окуп берген.

"Венерикалык ооруларды текшергенде белгиленген гана бейтапкана, ооруканаларга гана жөнөтүп жатышат. Дарылануу үчүн 30 миң рублдей кетет экен. Кыргызстандан жаңы келгендерге, "кирди-чыкты" жасагандарга андай акча кайдан болсун? Эмне үчүн биздин бийлик өкүлдөрү аларга жеңилдиктерди алып беришпейт? "Эмнеге мигранттарды өз тагдыры менен өзү алпурушууга таштап коюшту?" деп мага кайрылышты".

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев парламентте депутаттын суроосуна жооп берип жатып, жакында Орусиядан атайын топ келерин билдирген.

“Орусиянын Саламаттык сактоо, Экономика министрликтеринен, Миграция кызматынан он чакты адамдан турган жумуш тобу бул жакка келе жатат. Буга чейин да Орусиянын Ички иштер министрлигинин Каттоо департаментинен өкүлдөр келип, дактилоскопиялык каттоодон өткөрүү үчүн бул жактан борбор ачууга имараттарды карап кетишкен. Көйгөйлөр бар. Аларды жоюу боюнча иштер жүрүп жатат”.

Москвадагы кыргыз элчилиги тиешелүү медициналык жайлардын өкүлдөрү менен жолугуп, кыргызстандык мигранттар жугуштуу ооруларга байланыштуу кошумча текшерүүгө жиберилип жаткан учурлар көбөйгөнүн талкуулаган.

Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы Гүлшан Долонбаева учурда мигранттардын балдарын медициналык кароодон өткөрүү дагы татаалдашып кеткенине токтолду.

"Биздин балдарга медициналык камсыздоо күбөлүгүн алуу көйгөйлөрү чечилбей жатат. Биздин мигранттардын жашы жетиден жогорку балдарынын баарын дактилоскопиядан, медициналык кароодон өткөрүү талаптарын жумшартуу боюнча жергиликтүү бийликке өз сунуштарыбызды бергенбиз. Бул жерде батирлердин арзандыгына байланыштуу, мектептерге, бала бакчаларга берүүгө аябай чоң мүмкүнчүлүктөр болгону үчүн, ипотеканы алуу шарттары жеңил болгону үчүн биздин жарандардын арасында үй-бүлөсүн алып көчүп келгендер абдан көп. Арасында беш, жети, 11 баласы барлары дагы бар. Ошолордун баарын дактилоскопиядан өткөрүү, медициналык кароо үчүн ар бирине дээрлик 5,5 миң рублден төлөө каржылык жактан оор болуп жатат. Биз ушул маселени дагы көтөрдүк. Балдардын дактилоскопиясын жоюп же болбосо 14 жаштан өйдө кароо боюнча өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз".

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11 айында Орусияда 152 миңдей кыргызстандык мигрант медициналык кароодон өтүп, алардын ичинен 2,5 миңи (1,7%) кошумча текшерүүгө жиберилген жана теңинен жугуштуу оорулар аныкталган.

Каттоого туруунун азабы менен тозогу

Орусияда сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылган жана жол кырсыгына кабылып, 14 кыргыз жараны мерт болгон.

Депутат Нуржигит Кадырбеков болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып каттоо көйгөйүн чечүү керектигин айтып чыккан.

"Мурда 5-7 миң рубль менен бир жылга каттоого турат эле. Азыр үч ай сайын каттоону жаңылоо керек экен. Ошондон улам чек арадан өтүп, кайра киребиз деп жатып өткөндө 14 адамыбыз шейит кетти. Азыр эмгек келишим менен каттоого турат экен. Эмгек келишими же каттоосу жоктор коомдук транспорт менен жүрө албай, таксиге түшүп кыйналып жатыптыр. Миңдеген мекендештерибиздин баары эмгек келишимин түзө албайт. Министрлер кабинетинин төрагасы, Тышкы иштер министрлигине тапшырма берсеңиз. Бизден эмне жардам болсо ошонун баарын кылалы. Керек болсо парламенттик дипломатиянын алкагында ушул маселени чечели", - деген депутат.

Өткөн айда Бишкекте өткөн элдик курултайда Москва шаарынан келген "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов дагы каттоо маселесин көтөргөн.

"Баарыңардын эле уул-кызыңар мусапыр болуп чет мамлекеттерде жүрөт, кыйналып тапканын силерге жөнөтүп, өлкөнүн бюджетине салым кошуп жатат. Москвадагы мигранттардын эң көйгөйлүү маселеси - бул каттоого туруу. Бул маселени чечет деген үмүтүбүз зор. Ушул маселени чечүүнү мигранттар аябай суранды. Анан "Мигрант" деген тиркеме чыгарса деп жатабыз. Аны "Түндүк" деген системага кошуп койсо, онлайн эле бардык документти бүтүрсө жакшы болмок".

Кыргызстандын тиешелүү министрлик-мекемеси жана Москвадагы элчилик каттоо түйшүгүн жеңилдетүүгө байланыштуу кандай иштер жасалып жатканын кабарлай элек.

Кыргызстандын мигранттарынын профсоюзунун негиздөөчүсү Гүлнара Дербишова бул багытта батыл эки тараптуу сүйлөшүүлөр керек деп эсептейт.

"Регистрациялык каттоо маселесин чукул арада чечпесе болбойт. Орусия азыр анонс кылып жатат, январь айынан Миграциялык кодекс кабыл алабыз деп жатат. Айрымдары талаптарды дагы катаалдаштырабыз дейт, башкалары тескерисинче жеңилдейт дейт. Азыр өздөрүндө дагы бир жактуу пикир болбой жатат. Алар бир жагынан мигранттарсыз жашай албайт, ошол эле маалда талаптарды катаалдатып жатат. Биздин бийлик өкүлдөрү, тиешелүү министрлик-мекемелердин башчылары, депутаттар Орусияда миграцияга байланыштуу чечим кабыл алгандар менен сүйлөшүүсү керек. Ушул жерден регистрациялык каттоо маселеси биринчи чечилиши керек".

Орусиянын Украинага каршы согушу жана мобилизация

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан кийин орус жарандыгын алган Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исломжан Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Адилет Алиев, Мирлан Тохтакунов аттуу кыргызстандыктар согушта каза болгону кабарланган. Кийин орус паспорту жок, Кыргызстандын гана жараны болгон эки адам – Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Орусиянын күчтөрүнүн катарында жүрүп, Украинада набыт болгону белгилүү болгон. Алардын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, жерге берилген.

Кыргызстандын элчилиги мигранттарды жумуш тандоодо этият болууга үндөгөн. Бирок азгырган, атайын баракчалар таратылган учурлар катталууда.

Жакында Sota Телеграм-каналы өзүнүн катталуучуларына шилтеме кылып, Москвада метролордун оозунда бул баракчаларды таратып жаткан адамдар атайын мигранттарды көздөгөнү, аларды токтотуп алып, жарандыгы тууралуу маалыматтарга кызыгып жатканын билдирген.

Sota жарыялаган баракчаларда орус армиясына кирүү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн 18 жаштан 40 жашка чейинки жарандарына сунушталган. Анда талапкерлердин 9-класстан кем эмес билими болушу, орус тилин билиши керектиги жазылган.

Ушул жылдын сентябрь айында украин бийлиги Москва аскер күчтөрүнүн тартыштыгын толтуруу үчүн Кыргызстандан жалданма адамдарды тартып жатканын маалымдаган жана орус күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан өзбекстандык жарандар кармалганын билдирген.

Кыргызстандын мигранттарынын профсоюзунун негиздөөчүсү Гүлнара Дербишова орус жарандыгын алган кыргыз мигранттарын мобилизациянын кийинки толкунунан сактоо керектигин эскертти.

"Биз азыр мобилизациянын экинчи агымын күтүп жатабыз, бул сөзсүз болот. Тилекке каршы, Орусия мындан кетпейт. Биз кырдаалды көрүп жатабыз. Эгерде экинчи агымды январь-февраль айлары жарыялай турган болсо биздин бир топ жарандарыбыз кетиши ыктымал. Алар айласы жок кетет. Эгер талдай турган болсок, биздин 500 миңге жакын жараныбызда Орусиянын паспорттору бар экен. Биздин бийлик ушул мобилизацияга байланыштуу дагы өзүнүн пикирин так айтышы керек. Орусиянын бийликтери силер согушка баруудан качсаңар кылмыш дейт, биздин өкүлдөр болсо согушка барганыңар кылмыш дейт".

Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы Гүлшан Долонбаева мобилизациянын айынан үй-бүлөлөр бөлүнүп, түйшүк негизинен аялдарга түшкөнүн айтып берди.

"Орусиянын жарандыгын алган биздин мекендештерибиз мобилизацияга дуушар болбошу үчүн бул жактагы үй-бүлөсүн, бала-чакасын, ипотекага алган үйүн таштап Кыргызстанга кайтканга аргасыз болушту. Аталары Кыргызстанга кетип түйшүктүн баары аялдарга, балдарга калды. Алар ушул кырдаалдын курмандыгы болушту. Ортодо үй-бүлөлөр бөлүнүп жатат. Кыргызстанга барган мекендештерибиздин жарандыгын кайра калыбына келтирүү боюнча жайында президентке чейин кайрылып, өзүбүздүн сунуштарыбызды бердик эле. Орус жарандыгын алган, кыргыз жарандыгынан чыкпагандар да бар да. Алардын Орусияда төрөлгөн балдарынын жарандыгын калыбына келтирүүнү тездетүү тууралуу сунуш бердик эле".

Кылмыштуулук өстү

Ал арада Орусияда курьер кызматында иштеп жүрүп баңгизат ташуу менен соттолгон кыргызстандыктар көп болуп жатканына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Бул жагдай Бишкектеги курултайда дагы айтылды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн инспектору Нурдин Жороев жалпы эле кылмыштуулуктун, анын ичинде маңзатка байланыштуу кылмыштардын саны өсүп жатканын айтты.

"Орусияда 2022-жылдын январь-октябрь айларында жалпы 1,6 миллиондон ашык кылмыш катталган. Анын ичинде 154 миңден ашыгы маңзатка байланыштуу козголгон. Статистикага ылайык, былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштуулук 6,1% көп катталып жатат. Орусиядагы чет өлкөлүктөр, анын ичинен мигранттар аралашкан 34 миңден ашык кылмыш катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 10,6% көп болуп жатат. Кылмыштуулуктун жалпы саны көбөйүп жатат. Ушундан улам кыргыз жарандары катышкан кылмыштар көбөйүүдө деп айта албайбыз. Ошол 34 миңден ашык кылмышты 28 миңине КМШ өлкөлөрүнүн жарандары аралашып жатат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар арасында кылмышка аралашкандардын саны боюнча биринчи орунда Өзбекстан, андан кийин Тажикстан, үчүнчү орунда Кыргызстан турат. Статистикага ылайык, тогуз айдын ичинде биздин жарандар катышкан 3192 кылмыш катталды. Анын ичинен 432си маңзатка байланыштуу. Былтыр биздин жарандар катышкан кылмыштардын жалпы саны 3908 болсо, анын 327си баңгизаттарга байланыштуу болгон. Тогуз ай ичинде эле былтыркы жалпы көрсөткүчтөн ашып кетти, көбөйүп жатат".

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кылмыштуулукту алдын алуу максатында Орусиядагы миграциялык талаптарды сактоо, мыйзамды бузбоого чакырган бир катар социалдык жарнамаларды даярдаган. Нурдин Жороев маңзатка байланыштуу кармалгандар арасында бул жолго жеңил акча табууну көздөп түшкөндөр бар экенин айтты.

"Бул жерде "заладчики" деген түшүнүк бар, бул мыйзамсыз түрдө бир жерден алып башка жерге коюу. Анан эми "бул курьер эле, ичинде эмне экенин билген эмес" деп жатышпайбы. Иш берүүчү деп коет алар Телеграм, мессенжер аркылуу байланышат, өздөрү алдын ала сүйлөшөт, кайсы бир жерден алып, айткан жерлерге алып барып таштап кетет. Бул маселе Жогорку Кеңеште деле көтөрүлүп жатат, "балам ак эле, аны бирөөлөр карматып койду" деп айтып чыгышат. Бирок видеого түшүп, сүрөткө тартылган учурлар бар, анда закладканы билип эле коюп жатканын көрүүгө болот. Ата-эне бала деп сыздайт, бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөн баласын ойлойт, көз жашын төгөт, баласын актайт. Биз колдон келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, жаман жолго барбагыла деп жатабыз. Кыргызстандан жаңы келген, эч нерсени көрбөгөн жаш балдар оңой акчага кызыгып, кармалып калып жатышат".

Мамлекеттин миграциялык саясаты, элчиге доомат

Садыр Жапаров президенттик шайлоонун өнөктүгү маалында эле мигранттарга байланыштуу бир топ убадаларды берген. Анда четте кезерип иштеп жүргөн мекендештердин түйшүгүн жакшы билерин айтып, аларды кайтарууга батыл аракеттер жасаларын айткан.

"Мигранттарыбыз мекенинен жумуш таап кетиши үчүн, биз экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө киришкенибиз оң. 2017-жылы Кыргызстанга келгенге чейин Москвада тогуз ай жашадым. Орусиянын кыргыздар жашаган бардык шаарларын кыдырдым. 2008-жылы, мен болгондо, үч бөлмөлүү батирде 33 киши бири-биринин ортосунда отурушкан - аялдар дагы, эркектер дагы. 2016-жылы бир батирде 13-14 адам жашаган. Мен да алардын арасында жашадым. Ошентип, мигранттардын көйгөйүн жакшы билип калдым. Кайсы гана долбоорду же жумушту баштабайлы, алардын бардыгы элдин жыргалчылыгы үчүн болот. Мен жеке кызыкчылыгымды көздөбөйм. Ачкөздүктү четке кагыш керек. Ушул жылдын жаз айларында эле улуттук долбоорлор тышкы катышуусуз башталышы керек. Алар үчүн Кыргызстандын жарандары гана иштеши керек", - деген сөздөр жазылган.

Садыр Жапаров ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө мигранттарды кайтарып келүү анын мамлекет башчысы катары милдети болорун убада кылган.

"Миңдеген мекендештеримдин "мигрант" атыгып, жакырчылыктын сазынан чыга албай, элимдин туш-тарапка чачылып кеткени, ушул көрүнүш тыйылбай уланып жатканы кабыргамды кайыштырат жана жанымды кашайтат! Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептейм.

Садыр Жапаров ант кармап кызматка киришкенде чыгарган жарлыктарынын бири миграцияга байланыштуу болгон. Ага ылайык, 2021-2030-жылдарга белгилеген миграциялык саясаттын концепциясы бекитилген.

Президент Кыргызстанда жумушчу орундарды түзүп, мигранттарды "өз мекенинде, өз үйүндө, балдары менен ата-энелеринин кашында болуп, иштеши үчүн бар күч-аракет жумшаларын" убада кылган. Бирок азырынча кайтып келгендер дээрлик жок.

Деген менен Кыргызстандын мигранттарынын профсоюзунун негиздөөчүсү Гүлнара Дербишова Кыргызстан мигранттардын жапырт кайтып келишине даяр эместигин айтууда.

"Жакынкы беш-алты, ал тургай 10 жылда деле Кыргызстан мигранттардын кайтып келишине даяр эмес. Анткени биз эмгек рыногун көрүп жатабыз, бош орундар жокко эсе. Биз жакында санкциялардын Кыргызстанга барган мигранттарга тийген таасирин изилдедик. Сөзсүз таасири тийип жатат. Анткени баа аябай кымбаттады, санкцияга байланыштуу эл аралык бир топ ишканалар жабылды. Мигранттарыбыздын айлыгы көбөйгөн жок, кайра 10-15% азайды. Биз изилдегенде таңкалычтуусу кайткан мигранттар аз болду. Алар Британия, Түштүк Корея жана Сауд Арабиясы өндүү өлкөлөргө кеткилери келгенин айтып жатышат, бирок ал жакта квота аз да. Кейиштүүсү Орусия эмгек мигранттары үчүн негизги эмгек рыногу бойдон калууда. Сентябрдагы мобилизацияда бир топ балдар кайтып келди. Бирок көбү эле кайра барды. Анткени андан башка ыңгайлуу эмгек рыногу болбой жатат. Бул биз үчүн абдан кейиштүү".

Ал арада соңку кездери Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишине сын-доомат көбөйдү.

Ушул жылдын август айында Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. Мунун алдында Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштурган жолугушууга байланыштуу сын-доомат айтылган. Анда кыргызстандык мигранттар элчинин келбей койгонуна нааразы болушкан.

Бир айдан кийин, сентябрдын башында Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы менен "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында мигранттар маселесинен улам Гүлнара-Клара Самат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматтан бошотуу сунушу президентке жолдонгон.

Элчи менен министр буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG