Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Мигранттар маселеси: элчи менен министрди кызматтан алуу сунушу


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат.

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясы жана "Элдик" депутаттык тобу Министрлер кабинетинин миграция тармагындагы ишин канааттандыраарлык эмес деп тапты. Буга байланыштуу депутаттар Эмгек жана миграция министри менен Кыргызстандагы элчисинин кызматка ылайыктуулугун кароо сунушун президентке жолдоду.

Жыйынга катышпаган жетекчилер

Орусияда иштеп жүргөн мигранттандардын маселеси 9-сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.

Бул күнү парламенттеги "Альянс" фракциясы менен "Элдик" депутаттык тобунун мүчөлөрү биргелешкен жыйынга чогулду. Депутаттар соңку учурда Орусияда эмгектенген мигранттарга шарттар катаалдашып жатканын белгилеп, өкмөт бул маселе тийиштүү көңүл бурбай жатканын сынга алды.

Маселен, депутат Тазабек Икрамов акыркы күндөрү Орусиядагы күчүнө кирген эрежеден улам мигранттардын түйшүгү күчөгөнүн айтты.

"Биздин жарандар "кирди-чыкты" кылабыз деп Казакстанга келип, эч кандай шарты жок жерлерде жыйналып, кыйналып жаткан мекендештерди көрүп жатабыз. Андан сырткары Москвадан Сахаров шаарына барып, ден соолугун текшертип, атайын бармак изин калтырууга аргасыз болууда. Муну ар бир мекендешибиз сезип жатат. Албетте, бул маселелер Орусиянын ички мыйзамы, аны аткаруу керек. Бирок биздин өкмөт буга көңүл буруп, жарандардын маселесин чечиши керек болчу".

Ал Кыргызстандын бийлиги Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мигранттардын түйшүгүн азайтышы керектигин кошумчалады.

Жыйында депутаттар Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилери мигранттардын маселелерине кайдыгер карайт деп сынга алышты.

Мындай нааразылыкка акыркы жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышпаганына себеп болду.

Жыйынга катышкан эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин маалыматы боюнча, учурда мигранттар туш болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн иштер жүрүп жатат. Бул үчүн министр Кудайберген Базарбаев кийинки аптада Москвага иш сапар менен барып, Орусиянын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайрадан ачылганын атады.

"Москвадагы өкүлчүлүк 11 кызматкерден турат. Аны кайрадан түзүү боюнча чечимге эки-үч күн мурда кол коюлду. Министр Кудайберген Базарбаев анын жетекчисин дайындап, 11-сентябрдагы Москвага сапарында бирге ала кетет", - деди министр орун басары.

Негизи мындай өкүлчүлүк былтыркыга чейин Москвада иштеп келген. Октябрь окуяларынан соң өкмөттүн түзүмү кайрадан куралган учурда элчиликке өткөрүлгөн.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров соңку талаптар Орусиянын ички мыйзамдары экенин белгилеп, аны өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан ЕАБдин мүчөсү катары Орусиядагы мигранттарга карата эрежелерди жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүнө барьер деп эсептейт.

Президентке сунуш

Депутаттар Миграциялык өкүлчүлүктү ачуу, ИИМдин Орусиядагы кызматкерлеринин санын көбөйтүү, мигранттардын укугун коргоо боюнча орган ачууну сунушташты.

Жыйынтыкта "Альянс" фракциясы жана "Элдик" депутаттык тобу өкмөттүн миграция тармагындагы иштерин канааттандыраарлык эмес деп таап, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин кызмат ордуна ылайыктуулугун карап көрүүнү сунушташты.

Мындай чечимди "Элдик" депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев окуду:

"Ушул эки адамдын жумуш ордун, кызматтык ишин карап чыгууңузду өтүнөбүз. Орусиядагы өкүлүңүз кандай иштеп жатканы тууралуу эл сизге кире албаса да социалдык тармактардан кайрылып жатат. Ошондуктан өз чечимиңизди, эркиңизди көрсөтүп, бөлөк өлкөдө жүргөн биздин бир туугандардын, алар менен иштешип, укугун коргоочу адамды дайындайсыз деген ойдомун. Кудайберген Базарабев боюнча өзүңүз карап, аны дагы жумуш ордунан четтетүүнү суранам".

Депутаттардын мындай талабына президент башында турган аткаруу бийлиги кандай жооп кайтарары белгисиз.

Орусиядагы мигранттардын маселеси Кыргызстандын күн тартибинин алдыңкы сабында болууда. Буга Орусияда мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө киргени себеп болду.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы COVID-19 пандемиясына байланыштуу берилген жеңилдик режими соңуна чыгып, 2018-жылы кабыл алынган миграциялык мыйзамдын талаптары күчүнө кире турганын эскерткен.

Бул мөөнөт ЕАЭБ уюмундагы Кыргызстан менен Армениянын жарандары үчүн быйыл 3-сентябрда аяктаган.

Паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылып жатат.

Ушул максатта чек арага барып келаткан кыргызстандыктар 21-августта Ульяновскиде жол кырсыгына кабылып, 14 жаран каза болгон эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG