Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

Мигранттар маселеси: депутаттар Думага кайрылууну сунуштады


Москвадагы элчилик алдындагы турган кыргыз мигранты. 2020-жыл.
Москвадагы элчилик алдындагы турган кыргыз мигранты. 2020-жыл.

Орусияда 3-сентябрдан тарта мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылуу эрежеси күчүнө кирди.

Буга байланыштуу кыргызстандык эмгек мигранттары көпчүлүгү мындай эрежеге төп келбей турганын, үч ай сайын чек арадан кирип-чыгып каттоосун жаңылабаса, миграциялык мыйзамды бузганы үчүн жумушунан айрылып, депортация болорун айтып тынчсызданышууда.

Парламентте кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Мамлекеттик Думага кайрылуу демилгеси көтөрүлдү. Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Жеңилдик бүтүп, мыйзам күчүнө кирет

Орусиянын Федералдык миграция кызматы COVID-19 пандемиясына байланыштуу берилген жеңилдик режими соңуна чыгып, 2018-жылы кабыл алынган миграциялык мыйзамдын талаптары күчүнө кире турганын эскерткен.

Бул жеңилдик мөөнөтү ЕАЭБ уюмундагы Кыргызстан менен Армениянын жарандары үчүн быйыл 3-сентябрда бүтөрү көрсөтүлгөн.

Мыйзам боюнча Орусияда жүрүү мөөнөтү аяктаган мигранттар эмгек келишиминин негизинде жашаган жери боюнча гана каттоого турууга милдеттүү. Аны бузгандарга акчалай айып салынып, өлкөдөн чыгарылып же анын аймагына кайтып келүүгө кайсы бир мөөнөткө чейин тыюу салынат.

Орусиянын Кемеров облусунда иштеген эмгек мигранты Орозбек Кумантаев жаңы күчүнө кирчү миграциялык мыйзамдын талабы көпчүлүк мигранттар үчүн оор экенин, ошондуктан кыргыз бийлиги аны жеңилдетүү боюнча Москва менен сүйлөшүү керектигин айтууда:

"Азыркы маалда жалпы эле Орусияда абдан чоң көйгөйлөр болуп жатат. Мурда бизди кайсы жерде иштесе, мына ошол жердеги юридикалык дарекке каттоого турууга уруксат беришет эле. Азыр эми биринчиден иш жүзүндө жашаган жери боюнча гана дарекке туруу талабы коюлуп жатат. Бул биз үчүн абдан эле оор маселе. Ошондуктан 3-сентябрдан кийин текшерүү күчөсө, анда мигранттардын болбоду дегенде 30% ашууну Кыргызстанга кайта тургандай абалда турабыз. Азыр улам ар бир үч айда чек арага чыгып келүү же жашаган жерине гана каттоого туруу тартиби болуп жатат. Буга эмгек келишими дагы керек экен. Батирин ижарага бергендер мына ошончо адамды каттоого тургузбайт. Кыргыз бийлиги бул көйгөйдү чечпесе, жакында Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы оорлойт".


2020-жылы коронавируска байланыштуу орус президентинин жарлыгы менен мигранттардын каттоого туруу тартибине жеңилдик берилип, ал 2021-жылы узартылылган. Мөөнөт ЕАЭБ уюмуна кирген Беларус менен Казакстандын жарандары үчүн 23-августка чейин, ал эми Армения менен Кыргызстандын жарандарына 3-сентябрга чейин деп көрсөтүлгөн.

Ошондуктан бул мөөнөт жакындаган сайын Орусиядагы мигранттар Казакстандын чек арасына келип, узун кезекке турууга аргасыз болуп жатышканына даттанышкан.

"Жаңы каттоо тартиби - татаал көйгөй жаратат"

Миграциялык каттоосу бүткөндөр Орусияда 90 күнгө чейин каттоосуз жүрүү укугунан пайдаланып, чек арадан кирип-чыгышы керектиги айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков текшерүүлөр башталса бул чоң социалдык көйгөйгө айланышы мүмкүн экенин белгилеп, өкмөттү бул курч маселени жапа тырмак чечүүгө чакырды.

Нуржигит Кадырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты.
Нуржигит Кадырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты.

"Биздин мигранттарга берилген мөөнөт - 3-сентябрдан өтүп кетсе, анда ал жакта аларга чын эле чоң көйгөйлөр жаралчудай болуп турат. Мурда бир жылга 5-6 миң рубль төлөп, бир жылга чейин каттоосун узартып алышчу. Азыр эми биздин мигранттар ар бир үч айда чек арага чыгып, Орусияда жүргөн мөөнөтүн жаңылап турууга же жашаган жери боюнча миграциялык каттоого турууга милдеттүү. Өткөндө ошонун айынан чек арага кирип-чыгабыз деп барган 14 жаран шейит кетти. Мындан ары эмгек келишими бар мигранттар гана каттоого коюлат экен. Биздин миңдеген мигранттардын бардыгы эмгек келишимин түзүп, анан жашаган дареги боюнча миграциялык каттоого тура алышпайт. Бул деги эле мүмкүн эмес. Ошондуктан мындан ары каттоосу аяктаган мигранттар коомдук транспортко чыга албай, такси менен жүрүүгө аргасыз болуп калышы мүмкүн. Бул маселени тезинен чечпесек, мигранттар дагы ыйлашат".

Кыргыз парламенти орус Думасына кайрылат

Парламентте Орусиянын Мамлекеттик Думасына кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн анын 2018-жылы кабыл алган миграциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү өтүнүчү менен кайрылуу демилгеси көтөрүлдү.

Депутат Исхак Масалиев мигранттардын чоң агымынын кайтышын алдын алуу үчүн ушундай кадамга баруу керек экенин айтты:

Исхак масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Исхак масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты.

"Биз жолукканда талкуулай турган көп маселе бар. Аны биз жумуш тартиби боюнча кийин айтабыз. Бирок азыр биз ыңгайына карап, Мамлекеттик Думага кайрылуу жасап көрбөйлүбү. Ал жанагы миграциялык мыйзамын кайра карап чыгып, биздин мигранттарга бир аз болсо дагы жеңилдик берсин. Мына ушундай мазмундагы жалпы кайрылууну тездетүү керек".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги миграциялык каттоосу бүткөн кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Орусиянын тышкы саясат мекемесине нота жиберилгенин билдирди.

Министрликтин консулдук департаментинин биринчи катчысы Гүлбарчын Байымбетова маселени ар тараптуу чечүү боюнча жакында жогорку деңгээлде жолугушуу күтүлүп жатканына токтолду.

"Азыр биздин Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Москвадагы элчи баш болуп Москвада жакында Орусия тарап менен сүйлөшүү болот. Буга чейин элчи өзү тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Элчи айым нота түрүндө Орусияга кайрылган. Буюрса, жакында бул маселени чечүү боюнча иш-аракеттер башталат".

Буга чейин кыргыз тарап Орусиянын каттоо тартибин катаалдаштырган 2018-жылы кабыл алынган миграциялык мыйзамы ЕАЭБ уюмуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Келишимдин жумушчу күчүнүн эркин жүрүү шартына каршы келерин билдирген.

Дипломаттардын айтымында, улуттук мыйзамдар эл аралык келишимдин шарттарына каршы келбеши керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG