Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:29

"Медициналык кароо деп айтуу кыйын". Мигранттарды убара кылган текшерүү


Орусиядагы кыргызстандыктар. Иллюстрация сүрөт.

Орусиядагы кыргызстандыктар милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү кыйын болуп жатканына нааразы болууда. Алар ден соолукту текшерүүчү жай Москвадан алыс жайгашканын жана ал жердеги шарттар санитардык талапка туура келбей турганын айтып жатат.

Бул маселени Орусияда иштеген 23 жаштагы кыргызстандык Айдана айтып, "Азаттыкка" кайрылган. Ал жакында эле эжесин медициналык кароодон өткөрүү үчүн Сахарового барып, анализ тапшырып келишкен. Анын жыйынтыгы таза чыккан жок деген негиз менен дарыгерлер мигрантты кошумча изилдөөгө жөнөтүшкөн.

"Клиникага да башынан анализ тапшырып, эки жумадан кийин жыйынтыгын алганы кайра барганбыз. Анализ таза чыкпаптыр, бирок кандай оорусу бар экени жөнүндө да маалымат жок. Жөн эле кан таза чыккан жок дешти. Аны тастыктаган аныктама да беришкен жок. Каны таза чыкпагандарды өздөрүнүн ооруканасында гана дарылап жатышат. Ошол жерде жаткандардан сурасак, башка жактан алынган анализдердин жыйынтыгын да жаратпай жатышыптыр. Айрымдары ортодогу тыныгуу менен 40 күн укол алышы керек экен. Бизге 18 миң рубль болот деп жазып беришти. Кээ бирөөлөрүнө мындан да кымбат айтышыптыр. Анализине 6 миң рубль кетет. Ошентип баш-аягы 35-40 миң рубль кетип калат. Анын үстүнө бир ай жумушка чыкпайсың. Бул жакка келгендердин баары эле оокат кылалы деп жүрүшөт".

Айдананын эжеси ошентип ал ооруканага жатпай турган болгон. Алар эми келерки жылдын 10-январынан кийин эмне болот деп кабатыр. Анткени 2021-жылдын 29-декабрына чейин Орусияга барган Кыргызстандын жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин сүрөткө түшүп, бармак изин каттатып, медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул үчүн алар Москвадан 70 чакырым алыста жайгашкан Сахароводогу Көп функционалдуу миграциялык борборго кайрылышы шарт.

Дагы бир кыргызстандык Нурлис Токебаев Москвадагы жеке клиникалардын биринде дарыгер болуп иштейт. Ал бармак изи менен каттоо жана медициналык кароолордун максатсыз экенин айтып, текшерген учурда дарыгерлер мигранттын ден соолугунун абалын сурабай турганын белгиледи.

"Аны медициналык кароо деп айтуу кыйын. Барсаң сенден эч нерсе сурабайт, карабайт. Колуңдан кан алган, кабыл алчу жерлери санитардык талапка жооп бербейт. Флюрографияга тарткан жери болсо ызы-чуу. Мигранттарды адам ордуна көрбөй, орой мамиле жасашат. Бул азыр бир адамдын бизнесиндей эле болуп калды. Бизге "акчаңар керек" дешсе , ошого кеткен 5300 рублди эсебине которуп коймокпуз. Бармак издеринин, медициналык кароонун азыр эч кимге кереги жок, максатсыз иш".

Токебаев Москванын өзүнөн эле бүтүрүүгө шарт түзүлсө, көп мигрантка пайдалуу болмок дейт. Анткени Сахарового баруу, ал жерде кезек күтүп туруу да көп убакытты алат. Анын айтымында, медициналык кароодо флюрография менен кандан жыйынтык чыгарышат. Эгер алар күмөн санай турган жагдай жаралса, кошумча изилдөөгө жөнөтүшөт.

"17-18 миң рубль кете турган жактан кайра изилдөөдөн өтөсүң, "сифилис, туберкулез бар окшойт" деп жөнөтүшөт. Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени адам майлуу тамак жесе же түнү алкоголдук ичимдиктерди ичкен болсо, канынан ар кандай заттар чыга берет. Флюрографияда деле мурда ооругандардан тактар көрүнө берет. Бул болбогон нерсе. Мен бул тармакта он жылдан бери жүргөн адам катары айрым катачылыктарды байкап жатам".

Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп 2015-жылы кирген. Ошол туштагы бийлик Орусияга ыктаган интеграцияга кирүүнүн негизги себептеринин бири катары - мигранттардын көйгөйүн чечүү аракетин көрсөткөн. Айрым адистер биримдиктеги жоболордо кыргызстандык мигранттардын эркин иштөөсүнө шарт түзө албаганын айтышууда. Орусияда мигранттарды текшерүүлөр күчөгөн маалда бул маселе Кыргызстанда күн тартибине чыгып турат.

Орусиядагы мигранттардын каттоого туруудагы көйгөйлөрү 26-27-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултайда да көтөрүлгөн. Москвадан келген "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов бийликтен каттоо ишин жеңилдетүүнү, Орусияда камалган кыргызстандыктардын маселесин көтөрүп, Кыргызстандын элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишине нааразылыгын билдирген.

Акматов каттоо ишин жеңилдетүү боюнча буларды айтты:

"Орусияга миграцияга келем деген жаран Кыргызстандан эле медициналык кароодон өтө тургандай кылсак болмок. Бармак изин деле өз өлкөсүнөн тапшыра тургандай шарт түзүлсө жакшы болот. Ошко, Жалал-Абадга, Баткенге, Ысык-Көлгө анан Чүйдөн Бишкекке бирден борбор ачып, ошол жерден анализ тапшыра турган кылып, мамлекеттер аралык келишим түзүп койсо болмок. Эгерде ден соолугу талапка жооп бербесе, учпай эле ошол жакта калмак".

Ушул жылдын 11 айында Орусияда 152 миңдей кыргызстандык мигрант медициналык кароодон өтүп, алардын ичинен 2,5 миңи (1,7%) кошумча текшерүүгө жиберилген. Алардын теңинен жугуштуу оорулар аныкталганы кабарланды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды келерки жылдын 10-январына чейин медициналык кароодон жана сүрөткө түшүп бармак изи менен каттоодон өтүүгө чакырып жатат. Ал арада 1-8-январь күндөрү дем алыш болорун эске алууну эскертүүдө. "Азаттык" мигранттар айткан маселе боюнча элчиликке байланышканда кат түрүндө кайрылуу керектигин айтып, жооп берген жок.

Жогорку Кеңештин "Ыйман Нуру" фракциясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков 14-15-декабрда иш сапары менен Орусияда болуп, анда мигранттардын маселеси талкууланганын айтты.

"Биз "Справедливая Россия", "Новые люди", "Единая Россия", Коммунисттик партиянын фракция өкүлдөрү менен жолугуштук. КМШ мамлекеттери боюнча атайын комитет бар, анын төрагасы Леонид Калашников менен сүйлөшүп, мигранттардын маселесин да талкууладык. Азыр Сахароводогу маселе орчундуу болуп жатат. Ушуну Москвадагы бардык эле поликлиникалардан кароодон өтө тургандай кылсаңыздар болбойбу деп сурандык. Ушул багытта бизге жардам көрсөтөбүз деп сөз беришти".

Кадырбеков Орусиянын парламентарийлери менен жолугушууда мигранттардын каттоого туруусу боюнча да маселе көтөрүлгөнүн, бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленгенин айтты. Мыйзам өзгөрсө, мигранттар интернет аркылуу эле катталып, өзүнүн жашаган жерин онлайн түрүндө кабарлап тура алат дейт.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. Бул өлкөдө 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылган жана алардын айрымдары жол кырсыгына кабылып, 14 кыргыз жараны мерт болгон окуя катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG