Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Москва кезектеги мобилизацияга даярдык көрүп жатабы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Украина бийлиги Орусия аннексиялап алган Крымда мобилизациянын жаңы толкунуна даярдык көрүлүп жатканын маалымдады.

Киев февралдын соңунда Орусияда жапырт аскерге чакыруу башталат деп божомолдойт. Москва бул тууралуу үн ката элек, бирок мобилизация тууралуу былтыр президент чыгарган жарлык күчүндө экенин бышыктады.

Орусия кезектеги мобилизацияга даярдык көрүп жатканын 26-январда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Александр Штупун соңку кырдаал тууралуу баяндама жасаганда айтты:

Александр Штупун
Александр Штупун

"Убактылуу оккупацияланган Крымда мобилизациянын кезектеги толкунуна даярдык көрүлүп жатат. 29-январына чейин бардык мамлекеттик жана жеке уюмдар аскер комиссариаттарына резервде турган адамдардын тизмесин тапшырышы керек. Кийинки жапырт мобилизация толкуну февралдын аягына пландаштырылган".

Украинанын чалгын кызматынын маалыматтарына таянган Штупун ошондой эле Орусияда 1-февралдан тарта бюджеттик ишканаларда жана мекемелерде бардык оңдоо-курулуш иштери токтотулуп, пландаштырылган каражаттар Украинага каршы агрессияны колдоого багытталарын кошумчалады.

Москва азырынча бул маалыматтарды ырастаган да, четке каккан да жок.

Орусияда мобилизацияга тартылгандар армияга кетип жаткан учур. Москва, 26-сентябрь, 2022-жыл.
Орусияда мобилизацияга тартылгандар армияга кетип жаткан учур. Москва, 26-сентябрь, 2022-жыл.

Орусия Украинага басып киргенден жети ай өтүп, тагыраагы былтыр 21-сентябрда жарандарды армияга тарткан мобилизация жарыяланган. Бир айдан кийин коргоо министри Сергей Шойгу 300 миң адамды аскерге чакыруу тапшырмасы аткарылгандыктан мобилизация аяктаганын билдирген. Бирок мобилизацияны токтотуу тууралуу президенттин жарлыгы чыккан эмес.

Ноябрда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "жарым-жартылай" мобилизациялоо аяктаганын билдирген. Бирок андан кийин да жарандар армияга чакыруу келип жатканын айтып чыгышкан. Мындан улам “мобилизация бүттүбү же күчүндөбү?” деген суроо жаралып, айрым жергиликтүү депутаттар жана “Яблоко” партиясынын мүчөлөрү Москвага суроо коюшкан.

Мобилизация жөнүндөгү президенттин жарлыгы күчүндө турганы январдын ортосунда расмий айтылды. Псков облустук жыйынынын депутаты Артур Гайдуктун бул жааттагы суроосуна Президенттик администрациянын жолдогон жообунда белгиленгендей, өткөн жылдын октябрында “запастагы жарандарды чакыруу аяктаган, бирок аскердик комиссариаттар келишим менен жоокерлерди жана ыктыярчыларды армияга тартууну улантууда".

Кийин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков:

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

"Жарым-жартылай мобилизациялоо жарандарды аскерге чакыруудан тышкары, куралдуу күчтөрдүн милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка чараларды да камтыйт. Бул жагынан жарлык күчүн жогото элек", - деп “Сиз Маякты уктуңуз” Телеграм-каналына комментарий берген. Бирок улантылып жаткан чаралар кайсылар экенин түшүндүргөн эмес.

Январда британиялык The Times гезити Батыштын чалгын кызматтарындагы булактарына таянып, Орусияда мобилизациянын экинчи айлампасы жарыяланышы мүмкүндүгүн, анын алкагында жарым миллионго чейин адам армияга чакырылышы ыктымалдыгын жазган.

Былтыр күздө мобилизация жарыялангандан кийин көптөгөн орусиялыктар мекенден чыгып кетишкен. Түрдүү булактардагы маалыматтарга таянсак, аскерге баруудан баш тартып, башка мамлекеттерге кеткендердин саны 300 миңден 700 миңге чейин жетет. Алардын бир тобу Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда баш калкалап жатышат. Кээ бирлери Батыштан саясий башпаанек сураганы тууралуу маалымат каражаттары жазышты.

Орусияда мобилизацияга тартылгандардын бири жакыны менен коштошууда. Чита, 7-ноябрь, 2022-жыл.
Орусияда мобилизацияга тартылгандардын бири жакыны менен коштошууда. Чита, 7-ноябрь, 2022-жыл.

Мобилизациядан качкандарга Орусияда канча кылмыш иши козголгонун же админстративдик жаза колдонулганын айтуу кыйын. Бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде азырынча атайын норма жок. Ага карабай, мобилизациядан качкандар соттолгон учурлар көбөйүүдө. Мисалы, 2022-жылдын декабрында Челябинскиде келишим менен кызмат өтөп жаткан жоокер аскер бөлүгүнө келбей койгону үчүн беш жылга кесилди. Пермдин Соликамск кыштагынын тургуну эки жылга камалды. Мобилизацияланып Украинанын аймагына келген, бирок Луганск облусунда такси кармап кетип калган сегиз жигит камакта отурушат. Аскерден качканы үчүн Мурманскиде бирөө, аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткени үчүн Новгороддо жана Солнечногорскто экөө соттолушту.

Ошол эле учурда жарандардан аскер комиссариаттарына каршы доо арыздар көбөйдү. Мындай арыздар былтыр дээрлик 1500гө жеткенин юрист Павел Чеков укук коргоочулардын эсебине таянып билдирген. Аймактарда аскер комиссариаты өрттөп салууга аракет кылгандар болду. Жер-жерлерде мобилизацияга каршы энелердин акциялары уланып жатат. Полиция аларды күч менен таратат.

Орусия Украинага басып киргенине 24-февралда бир жыл болот. Бул аралыкта эки тарап миңдеген жоокерлерин жоготту. Арасында Орусиядан мобилизациялангандар бар. Согуш маалында “Эркин радио\Азаттык” радиосу жоготуулар тууралуу маалыматтарды өз алдынча бышыктай албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG