Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Орусияда аскерден качкандар жаңы мыйзам менен соттоло баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын соттору аскерден качкандарга жана аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кетип калгандардын ишин жаңы мыйзам менен карап, өкүм чыгарууда. "Медиазона" басылмасы маалымдагандай, учурда бул мыйзамдар менен үч адам соттолду: бирөө аскерден качканы үчүн - Мурманскиде, экөө аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткени үчүн - Новгороддо жана Солнечногорск шаарында.

14-декабрда Мурманскинин гарнизондук соту Максим Малышевди аскерден качканы үчүн айыптады. Ал мындан тышкары чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенгени үчүн да айыпталууда. Өкүм соттун расмий сайтына жарыяланган жок. Соттун кеңсеси бул иш жабык каралып жатканын себеп кылып, маалымат берүүдөн баш тартты.

7-декабрда Солнечоногорск гарнизондук соту аскер бөлүгүн өзүм билемдик менен таштап кеткен жоокер Алексей Сазоновду төрт жылга эркинен шарттуу ажыраткан.

6-декабрда Великий Новгороддун гарнизондук соту аскер кызматкери Данил Ивановду да беш жылга шарттуу кескен.

Анын адвокаты жоокер аскер бөлүгүнөн апрелде чыгып кетип, 25-сентябрда кайтып барганын "Медиазонага" билдирген.

24-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация учурунда жана куралдуу кагылыш шартындагы жасалган кылмыштардын жазасын катаалдантуу, ал эми согушта туткунга түшүп же талап-тоноочулук менен алектенгендерге кылмыш жоопкерчилиги каралган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, аскер бөлүгүнөн 10 суткага чейин кеткендер беш жылга (мурда бир жыл болчу), бир айга чейин кетип калгандар жети жылга (мурда үч жыл), беш айдан ашуун убакыт кайтып келбегендерди 10 жылга шарттуу эркинен ажыратылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG