Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү расмий жарыяланды


Бишкек шаарына коюлган жаңы жылдык балаты. 16-декабрь, 2022-жыл.
Бишкек шаарына коюлган жаңы жылдык балаты. 16-декабрь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, кыргызстандыктар 1-8-январь күндөрү эс алат.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Бул аралыктагы иш күндөрү 9-январь, 25-февраль, 11-март, 25-марттагы дем алыш күндөрүнүн эсебинен толукталат.

Кыргызстанда 1-январь Жаңы жыл, 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү катары жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп эсептелет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG