Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Президент абактагы аялдарды бошотуу өтүнүчү тууралуу пикирин билдирди


Рита Карасартова, Перизат Суранова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова.
Рита Карасартова, Перизат Суранова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад тууралуу сүйлөшүү жапырт камалып, абакта жаткандардын төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон деп эсептейт.

Бул тууралуу президент 17-декабрда "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.

Ал "Кемпир-Абадды коргоо комитетинин" мүчөлөрүнүн абактагы мөөнөтүнүн узартылышы, аялдарга ырайым кылып, үй камагына чыгаруу сунуштары жана башка маселелер тууралуу оюн билдирди.

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен", - деди президент.

Мамлекет башчы учурда абакта жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу боюнча да оюн билдирип, кайрылгандар "мурдараак кыздарын, аялдарын тыйып, акыл үйрөтүүгө тийиш болчу" деген.

Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айтты:

"Күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм. Кийлигишпегеним үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти. "Соттордун ишине кийлигишпегиле" деп эч кимди кийлигиштирбей жатам", - деди Жапаров.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда. Алардын бири - Орозайым Нарматованын ден соолугу начарлап жатканын адвокаты 16-декабрда "Азаттыкка" билдирген.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык жарыялоо тууралуу 17 адам билдирме бергенин кабарлоодо.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG