Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Казакстандын чектөөсүнөн чочулаган мигранттар


Казакстанга келген орусиялыктар.
Казакстанга келген орусиялыктар.

27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Казак өкмөтүнүн бул токтому 16-январдан тарта күчүнө кирди.

Жаңы чектөөлөр айрыкча мобилизациядан качып Казакстанга кирген орусиялыктарга кедергисин тийгизери айтылууда. 19-январда кыргыз парламентинде бул өзгөрүүлөрдүн мигранттарга таасири тууралуу маселе көтөрүлдү.

"Үч-төрт күндөн бери уйку жок"

30 жылдан бери Казакстандын Алматы шаарында иштеген Айгүл Капарова Акордонун виза боюнча соңку чектөөлөрү бул өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктарды терең ойго салганын айтууда.

"Бизге бир жылда 90 күн жүрө аласың деген өтө аз. Азыр ушул чектөөлөрдөн улам канчалаган кыргыздар дүрбөлөңгө түшүп, стресс болуп атышат. Мындан кийин абал кандай болуп кетери да белгисиз болуп турат. Үч-төрт күндөн бери уйку жок. Эми эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн атайын сүйлөшүүлөрү менен гана чечилбесе, кырдаал татаал".

Айгүл айрыкча Казакстанга оор операцияга жана дарыланууга барган бейтаптардын бул чектөөлөргө кептелиши көйгөй жаратарын кошумчалады.

Астана шаарындагы Кыргыз этно-маданий бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаиловдун айтымында, жаңы эреже айрыкча тейлөө тармагында бейрасмий иштеген чет өлкөлүк мигранттардын шартын катаалдаштырат.

"Негизинен бул эрежелер эмгек келишимин түзбөй ремонттоо иштеринде же курулуштарда, коомдук тамактануучу жайларда, турак жай коммуналдык ишканаларда иштегендерге тиешелүү. Алар негизинен келишимдерин узарта албай калса, үч ай иштеп анан чыгып-кирип, иштеп жүрө беришчү. Негизинен "кирди-чыкты" жобосун Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген мигранттар колдончу. Жада калса таксилердин атайын маршруту бар дешет. Петропавловскиге барып кайра кайткан... Ал эми Кыргызстан менен чек аралаш аймактардан күнүмдүк иштерге келип-кеткендер да бар. Алсак, Таразга дүйшөмбүдө келип бир жума иштеп, кайра кеткендер. Башкача айтканда аларга атайын келишим түзүүнүн кереги жок. Ушундай эле жагдай Алматы шаарында, Алматы облусунда байкалат. Бирок жаңы эреже аларга да "сокку урат". Жалпысынан бул чаралар Казакстанда мигранттардын жүрүү эрежелерин көзөмөлдөө жана бюджеттин кирешесин көбөйтүү үчүн каралып жатат деп ойлойм. Анткени буга чейин салык төлөбөй иштесе, эми мигранттар документтерин легалдаштырууга милдеттүү".

Шавкат Исмаилов ошондой эле ID карта менен Казакстанга кирген кыргызстандыктардын өлкөдө легалдашуусу кыйын болорун, андыктан жалпы жарандык паспорт менен кирүү керектигин эскертти:

"Мисалы жакында Евразиялык университетке тогуз кыргызстандык студент келди. Алардын бирөөсү чек арадан ID картасы менен өтүптүр. Университетке жалпы жарандык паспортун көрсөтүш керек. Анда чек арадан өткөндүгү тууралуу мөөрү жок. Эми ал кайра Кыргызстанга барып, паспорту менен кириш керек болуп атат".

Коңшу Казакстандагы соңку чечимдер 19-январда кыргыз парламентинде да көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Казакстандын өкмөтү кабыл алган жаңы эрежелер кыргызстандык мигранттарга кыйынчылык жаратарын айтты:

"Биздин жарандар Казакстанда 90 күн жүргөндөн кийин кайра 180 күн кире албай турган эреже кабыл алды. Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгына тиешелүү. Үч ай жүргөндөн кийин алты ай кайра кире албайт экен. Казакстанда биздин 50 миңден ашуун эмгек миграциясында жүргөн мекендешибиз бар. Ошолордун бардыгы бүгүнтөн баштап консулдукта кезекке тура баштады. Азыр болгону 7 миңдей кыргызстандык жашоого уруксат алган, калган 40 миңден ашуун мекендешибиздин көбү Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн", - деди Акаев.

Эл өкүлү парламент спикери Нурланбек Шакиевге кайрылып, Казакстандын мажилисинин башчысы менен бул маселени сүйлөшүүнү өтүндү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго февралда Алматы шаарында өтчү жыйында ушул маселени көтөрүүнү сунуштады.

Азырынча бул эреже тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат бере элек.

Жаңы чектөөлөр орусиялыктарга кедергисин тийгизет

Мурда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары Казакстанда чек арадан чыгып-кирип коюп, каалашынча жүрө берчү. 30 күнгө чейин эч кандай каттоосуз, 60 күн жашаган жеринде каттоого туруп жүргөнгө укуктуу болчу. Андан кийин чек арадан чыгып, кайра кирип, дагы 90 күн жүрө алышчу.

Эми Казакстанда узак мөөнөткө калчу чет элдиктер бир жылдык виза же убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү. Виза чет элдик паспорту барларга гана берилет.

Жаңы чектөөлөр айрыкча мобилизациядан качып Казакстанга кирген орусиялыктарга кедергисин тийгизери айтылууда.

Казакстандык саясат таануучу Газиз Абишевдин айтымында, былтыр орусиялык жарандардын Казакстанга агылышы өлкөдө батирлердин кымбатташын шарттап, жергиликтүүлөрдүн нааразылыгын жараткан. Ал мындай көйгөлөр казак бийлигине "чоң сабак" болгон деп эсептейт.

" Бул согуштан качып, Казакстанга кирүүнү же Казакстанды транзит өлкө катары колдонуп, Европа же башка өлкөлөргө чыгып кетүүнү каалаган орусиялыктарга олуттуу белги. Болбосо биздин мыйзам, эрежелерди сактап, туруктуу жашоого уруксат алуу керек".

Казакстандык серепчи Айгерим Кусайын кызынын айтымында, казак бийлиги бул өзгөртүүнү улуттук коопсуздук жана эмгек рыногундагы туруктуулук менен негиздеп жатат.

"Визаран" режими бир гана Орусиянын жарандарына гана эмес, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген мигранттарга жана туруктуу жашоого келгендерге да тиешелүү. Бул тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө колдонулат. Бул коңшу мамлекеттерде саясий туруксуздук, жарандык согуш же аскердик согуш учурунда өз жарандарын коргоо үчүн кеңири тараган тажрыйбалардын бири", - дейт казак серепчи.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны чет өлкөдө иштеп жүрөт. Алардын бир миллиондон көбү Орусияда, отуз миңдейи Казакстанда.

Ал эми Орусияда былтыр мобилизация жарыялангандан бери аскерге милдеттүү жарандардын көбү Казакстанга кире качкан. ФСБнын чек ара кызматы былтыр үчүнчү кварталда 1,3 миллион орусиялык Казакстанга кеткенин билдирген.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматында өлкөдө 150 миң орусиялык калган, анын 36 миңи гана убактылуу жашоого уруксат алган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG