Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Казакстан ЕАЭБдин жарандарына өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартты


Казакстанга келген орусиялыктар.
Казакстанга келген орусиялыктар.

27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Казак өкмөтүнүн бул токтому 16-январдан тарта күчүнө кирди.

Мурда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары Казакстанда чек арадан чыгып-кирип коюп, каалашынча жүрө берчү. 30 күнгө чейин эч кандай каттоосуз, 60 күн жашаган жеринде каттоого туруп жүргөнгө укуктуу болчу. Андан кийин чек арадан чыгып, кайра кирип, дагы 90 күн жүрө алышчу.

Эми Казакстанда узак мөөнөткө калчу чет элдиктер бир жылдык виза же убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү. Виза чет элдик паспорту барларга гана берилет.

Орусияда былтыр күздө мобилизация жарыялангандан бери аскерге милдеттүү жарандардын көбү Казакстанга кире качкан. ФСБнын чек ара кызматынын маалыматына караганда, былтыр үчүнчү кварталда 1,3 миллион орусиялык Казакстанга кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG