Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Мамлекеттик ипотекалык компания үй курууга кайра тендер жарыялады


Мамлекеттик ипотекалык компания пландаган турак жай комплексининин болжолдуу долбоору. Бишкек шаарынын 11-кичирайонундагы жер тилкеге ылайыкталып жасалган эскиз.
Мамлекеттик ипотекалык компания пландаган турак жай комплексининин болжолдуу долбоору. Бишкек шаарынын 11-кичирайонундагы жер тилкеге ылайыкталып жасалган эскиз.

Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясы (МИК) Бишкек шаарынын 11-кичирайонунда көп функционалдуу турак жайды долбоорлоого жана курууга үчүнчү ирет инвестициялык сынак жарыялады. Анын шарттары жана долбоордун болжолдуу сүрөттөрү мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда көрсөтүлгөндөй, МИК аталган райондо дээрлик 9,64 гектар жерге ээлик кылары, ага көп кабаттуу турак жайларды курулары белгиленген. Каалоочу курулуш компаниялары сынакка катышып, өзү долбоорлоп жана өзү инвестиция салууга даяр болушу керек. Инвесторлор курулуштун пайдубалынан баштап, батирлердин ачкычына чейин жасайт.

Объектилер эксплуатацияга берилгенден кийин инвестор 40 миң метр квадраттан аз эмес батирлерди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын менчигине өткөрүп бериши шарт. Андан ашкан батирлерди жана коммерциялык объектилерди өзүнө алып кала алат.

Сынактын биринчи этабы үчүн документтердин пакети 30 календардык күндүн ичинде каралат. Андан соң комиссия жеңүүчүнү аныктайт. Тендердик комиссиянын курамына Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Бишкек мэриясынын жана “Бишкекбашкыархитектуранын”, Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрү жана МИКтин кызматкерлери кирет.

Мурдараак Мамлекеттик ипотекалык компания жетекчилиги ишкана өз алдынча турак үйлөрдү курууну пландап жатканын кабарлашкан. Алар компанияга 300 гектардай жер бөлүнүп берилиши ыктымал экенин такташкан.

Расмий маалыматка ылайык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2015-жылдан бери 8 миңдей киши турак жай үчүн ипотекалык насыя алган. 2022-жылдын эсебинде үй алууну каалаган дагы 15 миңдей адам арыз тапшырган. Алардын теңинин арызы банктардын кароосунда кезекте турганы маалымдалган.

Компаниядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, аталган турак-жай комплексин куруу үчүн былтыр сентябрда жана декабрда да сынак жарыяланган. Ага кызыккан компаниялар сүйлөшүү үчүн келишкени менен расмий арыз беришкен эмес. Ошол себептүү сынак үчүнчү ирет жарыяланып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG