Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Орусияда мекендештерин тоногон төрт кыргызстандык кармалды


Орусияда кармалган төрт кыргызстандык. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.
Орусияда кармалган төрт кыргызстандык. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу Москвада мекендештерин тоногон кыргыз жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 11-январь түнү Москва шаарынын аймагында төрт белгисиз адам Кыргызстандын жаранын автоунаага отургузуп, сабап, акчасын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Барымтага алган кишини “өлтүрөбүз” деп коркутуп, 100 миң рубль өлчөмүндөгү акча талап кылышкан.

Бул факты Орусиянын ИИМинин Москва шаарынын Бибирево району боюнча бөлүмүндө катталган. Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаарынын Бутырск райондор аралык тергөө бөлүмү Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (“Адам уурдоо”) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (“Опузалап талап кылуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Кармоо учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган.

Кармалгандардын лидери Базар-Коргон районунун 31 жаштагы тургуну, “Аза большой” каймана аты менен белгилүү Ж.А. (Э.А) аттуу жаран экендиги маалымдалды. Андан башка Базар-Коргон районунун 31 жаштагы тургуну О. уулу Э., Лейлек районунун тургуну 35 жаштагы тургуну С.А. жана Талас районунун ушул эле курактагы тургуну Ж.Н. кармалганы маалымдалды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жогорудагы кылмыштуу топтордон жапа чеккен жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирет. Мекеме бул кол салуу мекендештерге жасалган бир гана окуя эместигин белгилейт. Аталган топтон жабыркагандар болсо ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө, +7 926 890-87-00 номери аркылуу кайрылууну өтүнөт. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Орусиядагы кыргызстандыктар мекендештерин тоногон учурлар буга чейин да катталган. Алардын айрымдары кармалса, кээ бир топторуна карата даттануулар дале сакталып келатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG