Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Бекешев жарыкты өчүрүүнүн графигин берүүнү сурады


Иллюстрациялык сурөт.
Иллюстрациялык сурөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жер-жерлерде жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын белгилеп, элге ыңгайлуу болуш үчүн анын графигин берүүнү сурады. Бул тууралуу эл өкүлү пардаменттин 18-январдагы жыйынында билдирди.

"Бүт эле жерде азыр саат сайын электр энергиясын өчүрүү башталды. Мурдагы веерный өчүрүүнү азыр регулятордук чаралар деп коюшту. Электр энергиясы бизде кризис болуп жатат, жабдуулар эски, начар болуп жатканын түшүнүп жатат. Жок дегенде жарандарга график түзүп, ушул саатта жарык болбойт деп айтып койбойсуздарбы. Эл ошого даяр болушат. Электр энергиясы өчүрүлгөндүн айынан ыш болуп жатат, көптөр көмүр жана башка нерселерди жагып, шаарды катуу ыш каптап жатат", - деди Бекешев.

Кыргызстандыктар ар кайсы аймактарда жарык маал-маалы менен өчүп жатканын социалдык тармактарда жазууда. Айрымдары өзгөчө ири шаарлар Бишкек, Ошто электр энергиясынын ар кайсы убакта өчүрүлгөнү жүдөтүп жатканын белгилешкен.

Кыргызстанда өткөн аптада быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болду. 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин жетти.

Буга чейин Энергетика министрлигинин жетекчилиги басма сөз жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдашкан. Мекеме кезеги менен атайылап өчүрүү жок экенин, болгону, чоң көмөк чордондоруна келтирилген күчтү азайтуу иштери жүрүп жатканын айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG