Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинде “Кыргыз үйү” маданий борбору ачылды


Кыргызстандын Берлиндеги элчилигиндеги "Кыргыз үйү" маданий борборунун ачылышы.
Кыргызстандын Берлиндеги элчилигиндеги "Кыргыз үйү" маданий борборунун ачылышы.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде “Кыргыз үйү” маданий борбору ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Борбордун салтанаттуу ачылышына Германиянын жана Польшанын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлери жана алдыңкы жаштары катышты.

Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев жыйында Германиянын борбору Берлин шаарында ачылып жаткан бул Кыргыз маданий борбору Ала-Тоону таанытуунун, кыргыз диаспора ɵкүлдɵрүнүн жолугушууларын, иш-чараларын ɵткɵрүп туруучу жай болуп каларын айтты. Ал бул борбор Германияда тɵрɵлүп, ɵсүп келе жаткан жаш кыргыз муундарынын кыргыз маданияты менен таанышуусуна, кыргыз тилин үйрɵнүүсүнө да көмөк берерин билдирди.

Кечеге келген кыргыз диаспоралык уюмдардын ɵкүлдɵрү ɵз уюмдарынын жасап жаткан иш-аракеттери жана келечекте жасала турган иш-чаралары тууралуу маалымат беришти. Кыргызстандыктар ошондой Кыргыз маданий борборунун түзүлгɵндүгүнɵ ыраазычылыгын билдиришти.

Германияда учурда 10дон ашык кыргыз диаспоралык уюмдары түзүлгɵн. Алар маданий-гуманитардык тармактарда ар кандай иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырып, Кыргызстанга ɵз жардамдарын берип келе жатышат. Алар ар кандай майрамдарда чогулуп, маданий, билим берүү жана спорттук иш-чараларды уюштуруп турушат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG