Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Алматы соту Мамайга британиялык депутаттар менен жолугушууга уруксат бербеди


Жанболат Мамай
Жанболат Мамай

Алматы соту Казакстанда каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамайдын британ депутаттары менен жолугушуусуна тыюу салды. Сот бул чечимин үй камагына байланыштуу чектөө менен негиздегенин активисттин жубайы Инга Иманбай билдирди.

Анын айтымында, 17-январдагы соттук угууда адвокат соттолуучуну Январь окуяларын иликтеген комиссиянын мүчөлөрү менен жолуктурууну өтүнгөн. Комиссия түзүүнү британ парламентарийлери демилгелеген. Бирок судья Елена Кван өтүнүчтү четке какты.

Жанболат Мамай Январь окуяларынын курмандыктарын эскерүү митингине катышкандан көп өтпөй, былтыр февралда кармалган. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.

"Мыйзамсыз митинг уюштурган, маалымат каражаттарын колдонуу менен бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирген, жалган маалымат тараткан" деп айыпталган Жанболат Мамай 2022-жылы 2-ноябрда үй камагына чыгарылган.

Freedom House жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Мамайды бошотууну талап кылып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG