Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

Кудрет Тайчабаров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди


Кудрет Тайчабаров.
Кудрет Тайчабаров.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров кызматтан кетүү арызын жазды. Бул маалыматты ал 17-январда "Азаттыкка" өзү ырастап, ден соолугуна байланыштуу ушундай чечим кабыл алганын билдирди.

Министрлер кабинети анын арызы тууралуу маалымат бере элек.

Кудрет Тайчабаров бул мекемеге 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин жетекчи болуп дайындалган.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы 1995-жылдан бери иштейт. Аймакка бир катар жеңилдиктер берилип, 346,09 гектар аянттагы атайын жер бөлүнгөн.

Учурда эркин экономикалык аймакта 313 субъект катталган, анын 58и биргелешкен ишкана. Расмий маалыматка караганда, ал жерде жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иш алып барат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG