Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Ооганстанда катуу суукта 16 адам набыт болду


Ооганстандын Тажикстанга чектеш аймагынан 2017-жылы тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Ооганстандын Тажикстанга чектеш аймагынан 2017-жылы тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Ооганстанда өткөн аптадагы ызгаарда 16 адам набыт болду. Сууктан миңдеген мал-жандык да кырылганын "Бохтар" агенттиги билдирди.

Эл аралык коомчулук тааныбаган талибдердин өкмөтү өзгөчө Бодгис, Фаряб, Нимроз жана Газни аймактарында эл сууктан жапа чеккенин жарыялады. Каза болгондордун көбү аялдар жана балдар.

Аймактарда сасык тумоого чалдыккандар жана андан өлгөндөр көбөйгөнү байма-бай айтылууда.

Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, 20дай киши жарык менен кош айтышканын "Азаттык" январдын башында кабарлаган.

Орусиядан келген муздак арктикалык циклон Ооганстандан тышкары Борбор Азия мамлекеттерин, Иранды жана башка салыштырмалуу жылуу мамлекеттерди каптап, ушул күндөрү катуу суук болуп болп жатат. Бул жагдай көпчүлүк мамлекеттерде энергетикалык кризиске алып келди. Синоптиктер сууктун күчү 16-январда кайта баштайт деп кабарлашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG