Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Каракол: Эки аптада алты ымыркай чарчап калган төрөт үйү убактылуу жабылды


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө жыл башынан берки эки апта ичинде алты ымыркай чарчап калганына байланыштуу маселе Саламаттык сактоо министрлигинин атайын штабынын көчмө жыйынында талкууланат. Бул тууралуу бүгүн 17-январда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда тийиштүү адистерден турган атайын комиссия жеринде иштеп жатат. Төрөт үйүнүн директору кызматынан убактылуу четтетилди.

Дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төрөт үйү убактылуу жабылып, кош бойлуу аялдар Ак-Суу районундагы төрөт үйүнө жөнөтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG