Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Москвада Днепрдеги апаатты эскерген эстелик пайда болду


Леся Украинканын эстелиги. Москва.
Леся Украинканын эстелиги. Москва.

Москвадагы Украина бульварында Днепрдеги чабуулда набыт болгондордун элеси эскерилди.

Акын Леся Украинканын эстелигинин жанына гүл, оюнчуктар жана талкаланган тогуз кабаттуу үйдүн сүрөтү коюлганын The Insider басылмасынын кабарчысы билдирди. Сүрөттөрдү көз карандысыз орус медиасынын Telegram каналдарына жарыяланды.

Днепрге 14-январда орусиялык ондогон түрдүү ракета атылганда алардын бири тогуз кабат үйгө тийип, анын бир тарабы толук кыйрап калган. 16-январдагы маалыматтарга ылайык, бери дегенде 40 кишинин сөөгү табылды, алардын экөө балдар. Ондогон адам куткарылды. Дагы отуздай кишинин дайыны жок.

Киев орустар Х-22 ракетасы менен сокку урганын айтууда. 15-январда шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз ракеталары Украинанын аскердик башкаруу мекемелерине тийгенин, сокку максатына жеткенин билдирүүдө.

Орусия Украинага басып киргенине 11 ай болду.

XS
SM
MD
LG