Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Ырчы Малик Аликеев дүйнө салды


Малик Аликеев. Архивдик сүрөт.
Малик Аликеев. Архивдик сүрөт.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 17-январда 54 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу ырастады.

Аликеев аталган театр ачылгандан бери анын мүчөсү катары эмгектенип келе жаткан.

Былтыр 4-декабрда ал улуттук филармонияда “Өмүр жөнүндө ой толгоо” аттуу жеке концертин берген.

Ырчы өзү туулуп-өскөн Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жашап жаткан, сөөгү ошол жерге коюлары кабарланды. Коштошуу зыйнаты туулган айылында 19-январда өтөт.

2020-жылы Аликеевдин төшөктөн тура албаган абалда, отуруп алып ырдаган ыры социалдык түйүндөрдө тарап, коомчулук анын саламаттыгына тынчсызданган. Ушул мезгилге чейин ал жамбаш сөөгүнөн бир нече жолу операция болгон.

Ырчы “Мөлмөлүм”, “Сардал кыз”, “Арзыкан” баштаган бир катар ырларды өзгөчө чеберчиликте аткаруу аркылуу элге кеңири таанылган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG