Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Непалда авиакырсыкта каза болгондордун сөөгү туугандарына бериле баштады


Авиакырсык болгон жер.
Авиакырсык болгон жер.

Непалдын бийлиги учак кыйраганда курман болгондордун сөөгүн 17-январда туугандарына бере баштады. Өлкөдө акыркы 30 жылдагы эң каргашалуу авиакырсыктын себебин аныктоо үчүн учактын "кара кутусу" Францияга жөнөтүлдү. Бир күн мурун сыныктардын арасынан үн жана учуу маалыматтары жазылган аппарат табылган.

15-январда Покхара курорттук шаарындагы жаңы ачылган аэропортко 72 киши менен бараткан учак конуп жатканда капчыгайга кулаган. Кырсыктан кийин 69 кишинин сөөгү табылды. Бийлик дайыны чыкпай жаткан үч киши да каза тапкан деп божомолдоп жатат.

Yeti Airlines компаниясына таандык эки моторлуу учактагы жүргүнчүлөрдүн көбү жергиликтүүлөр, 15и чет элдиктер, төртөө экипаж мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG