Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Майлуу-Суу: Эки откананын иши калыбына келтирилди


Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.
Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.

Майлуу-Сууда сууктун айынан токтоп калган үч откананын дагы бири кайрадан иштей баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 17-январда эртең мененки саат 10го карата №4 отканага электр жарыгы жеткирилип, шаардын 198 абоненти жылуулук менен камсыз боло баштады.

Учурда ал жерге атайын насос орнотулуп, Майлуу-Суу суусунан отканага суу алып өтүү иштери жүрүүдө.

Кечээ 16-январда №1 откана жылуулугун бере баштаган, 600дөй абонентке жылуулук бериле баштаган.

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 отказандардын иши токтогон.

Кыргызстанда өткөн аптада быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болду. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн 20 градуска чейин суук болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG