Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Курманбек Бакиевдин жубайынын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди


Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшованын үй-бүлөлүк сүрөтү убагында бир катар маалымат булактарына жарыяланган.
Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшованын үй-бүлөлүк сүрөтү убагында бир катар маалымат булактарына жарыяланган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова Минск шаарында каза болду. Бул тууралуу маркумдун жердештери жана бир нече булак «Азаттыкка» ырасташты.

Ушу тапта Төлөмүшованын жакындарынын Казармандагы үйүндө акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп жатат.

Жакындарынын айтымында, маркумдун сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 18-январда болору, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери кабарланууда.

Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Төлөмүшова Минск шаарында оорудан улам каза болгон. Аны тажыясына Курманбек Бакиевдин катышары же катышпары азырынча кабарлана элек.

Назгүл Төлөмүшова Бакиевдин экинчи жубайы. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Бакиев менен бирге өлкөдөн качып кетип, Беларустан башпаанек табышкан.

2016-жылы орусиялык басылмалар Назгүл Төлөмүшова беларус баш калаасындагы "Минск" мейманканасын башкарып жатканын жазып чыгышкан.

Тогуз-Тородогу Курманбек Бакиевдин аялынын жакындарына таандык делген үй. (Сүрөттү жергиликтүү тургун тарткан)
Тогуз-Тородогу Курманбек Бакиевдин аялынын жакындарына таандык делген үй. (Сүрөттү жергиликтүү тургун тарткан)

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган.

Былтыр Кыргызстандын баш прокурору Курманкул Зулушев Ошто эл менен жолугушууда Бакиевге байланыштуу суроого жооп берип, мурдагы президент Кыргызстанга келгенге эрки жетип, тергөөгө көрсөтмө берүүнү чечсе, ага эч ким тоскоолдук кылбай турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG