Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

ИИМ Бишкекте милиция кызматкери баңгизат менен кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын кызматкери Э.А. баңгизат менен кармалганын 17-январда билдирди.

Маалыматка караганда, ал борбор калаанын Ахунбаев-Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде кармалып, кызматтык формасынын чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм белгисиз зат табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү аны наркологиялык текшерүүдөн өткөргөндө баңгизат колдонгону аныкталган. Кармалган кызматкер маңзатты Бишкектин "Жал" кичи районундагы батирлердин биринен сатып алганын айткан. Бул даректеги үйдү тинтүү учурунда 57 граммдан ашык баңгизат табылган.

"Жогоруда көрсөтүлгөн даректе баңгизат колдонуп отурган Бишкек шаарынын төрт жараны: 29 жаштагы Ч.М менен жаштагы Ш.уулу Ч., 33 жаштагы А.Б., 31 жаштагы Б.И. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына бардык далил заттар менен бирге жеткирилген", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Кармалган төрт жаранды наркологиялык текшерүүдөн өткөргөндө баарынын баңгизат колдонгону аныкталган.

Милиция кызматкери менен Жал кичи районунан кармалган 29 жаштагы жаран камакка алынды.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8,5 миң киши бар деп эсептеген.

"Сорос Кыргызстан" фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65 пайызы 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн. (TAb)

XS
SM
MD
LG