Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Италиялык белгилүү актриса Жина Лоллобрижида 95 жашында көз жумду


Жина Лоллобрижида. Архив.
Жина Лоллобрижида. Архив.

Италиялык актриса Жина Лоллобрижида 95 жашында көз жумганын эл аралык басылмалар кабарлашты. Актрисанын өлүмүнүн чоо-жайы айтылган жок.

60тан ашык тасмада роль жараткан Лоллобрижиданын эң белгилүү ролдору 1956-жылы тартылган "Нотр-Дам соборундагы" Эсмеральда жана 1952-жылы чыккан "Фанфан-Жоогазын" мелодрамасындагы Аделина.

Актриса эки жолу "Алтын глобус" сыйлыгын алган. 1961-жылы "Эң популярдуу чет элдик актриса" сыйлыгына татыган. 1995-жылы дүйнөлүк кинематографияга кошкон өзгөчө салымы үчүн атайын сыйлыкка ээ болгон. 2018-жылы Голливуддагы Даңк аллеясына Лоллобрижиданын жылдызы ачылып, салтанатка 90 жаштагы актриса өзү катышкан.

Ал катышкан акыркы көркөм тасма 1997-жылы экранга чыккан. Кинодогу карьерасын аяктагандан кийин Лоллобрижида скульптура жана фотосүрөт тартуу менен алектенип жүрдү. 2022-жылы ал Италиянын парламентине шайлоодо ат салышып, 1% бир аз көбүрөөк добуш алган.

Акыркы жылдарын актриса Римдин жанындагы вилласында жалгыз өткөрдү. Канаттуулар бакчасында 600дөй куш баккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG