Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Депутаттар кылмышка аралашкан спортчуларды наамынан ажыратууну сунуш кылды


Ошто болгон үрөй учурган окуяга шектелип кармалгандар, 13-январь, 2023-жыл.
Ошто болгон үрөй учурган окуяга шектелип кармалгандар, 13-январь, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-январь күнкү кезектеги жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Бир катар депутаттар спортчулардын ар кандай кылмышка түз же кыйыр түрдө аралашып калып жатканын белгилешип, бир катар сунуш-пикирлерин беришти. Алар Оштогу үрөй учурган кылмышка да токтолушту.

Депутат Айбек Маткеримов спортчуларды мелдештерге катыштырууда саясатчылар демөөрчүлүк кылып, кайра аларды ар кандай иштерге пайдаланып коюп жатканын белгиледи. Эл өкүлү Медер Алиев болсо соңку кылмыш ишине байланыштуу кармалгандардын арасында спортчулар да бардыгын, натыйжада алар туура эмес нукка түшүп жатканын айтты.

Башка бир депутат Жаныбек Абиров кесиптештерине кошулуп, эгер кайсы бир спортчулардын оор кылмыштарга аралашканы аныкталса, алардын “спорттун чебери”, “спорттун чеберине талапкер" сыяктуу наамынан ажыратууну сунуштады. Ал айрым спортчулар уюшкан кылмыштуу топтун катарына кошулуп кетип жатканын да билдирди.

13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жаратты. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болду.

Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган, кылмыш дүйнөсүндө "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов баштаган беш кишини кармады, калгандарын издөө иштери уланууда. Шектүүлөрдүн айрымдары спорт чөйрөсүндөгү жаштар экени аныкталды.

Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Аны соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG