Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Журналисттер Соледардагы чабуулду башкарган "вагнерчи" командирдин тек-жайын аныкташты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Украинанын Соледар шаарына чабуул коюуда орусиялык "Вагнер" жалданма аскер бөлүгүн жетектеген командирдин тек-жайын журналисттер аныкташты.

"Досье" иликтөө борбору ал Башкы чалгын башкармалыгынын атайын күчтөрүнүн мурдагы офицери Антон Елизаров экенин жана мурда көз боёмочулук үчүн соттолгонун тактады.

13-январда "вагнерчилердин" жетекчиси Евгений Пригожин калааны толук ээлешкенин жарыялап, операцияны башкарган адамды Лотос деген каймана ат менен тааныштырган. Аты аталбаган командирге Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылганын согушту колдогон Телеграм-каналдар жазып чыкты.

"Досье" аныктаган маалыматка ылайык, 41 жаштагы Елизаров Ульяновскидеги жана Рязандагы аскердик окуу жайларын аяктаган. Атайын аскер бөлүктө кызмат өтөгөн.

2014-жылы сот аны кызматтык батирди менчиктештирүүдөгү көз боёмочулук үчүн үч жылга шарттуу кескен жана айып пул салган. Елизаров Коргоо министрлигин сотко берген. Бирок андан майнап чыкпай, 2016-жылы үйдү бошотуп берген. Ошол эле жылы "Вагнер" жалданма аскерлер компаниясына жумушка орношкон.

Басылманын маалыматы боюнча ал Кавказда, Сирия менен Ливияда согуштарга катышкан. Мындан тышкары,ъ Борбордук Африка Республикасында инструктор болуп иштеп, бир катар сыйлыктарды алган.

Украин бийлиги Соледар орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөнүн четке кагып, армия шаарды коргоону улантып жатканын кабарлоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG