Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Казакстандык журналисттин унаасын өрттөөгө беш өспүрүм шектелүүдө


Динара Егеубаева - ортодо.
Динара Егеубаева - ортодо.

Алматы полициясы журналист Динара Егеубаеванын "унаасын өрттөдү жана Elmedia редакциясынын терезесин сындырды" деген шек менен беш өспүрүм кармалганын кабарлады. Алар 15, 16 жана 17 жаштагы уландар экени, интернетте белгисиз бирөөнүн буйругу менен ушундай ишке барганы айтылат.

14-январга караган түнү автоунаасы өрттөлгөнүн Динара Егеубаева өзү кабарлаган. Журналист бул окуяны өмүрүнө кол салуу аракети катары баалган.

Үч апта мурун Егеубаева бир нече активист менен бирге “Алтыншы Каңтар” (“Алтынчы январь”) блогун түзүп, мажилиске мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга даяр экенин кабарлаган.

Егеубаева көз карандысыз журналист катары белгилүү. Ал социалдык тармактарда Январь окуялары жөнүндө эфир даярдап, кыйноого кабылгандардан интервью алып, эксперттер менен маектешет. Ал Орусиянын Украинадагы агрессиясын сындаган берүүлөрдү да обого алып чыгат.

Эл аралык уюмдар Казакстанды сөз эркиндиги сакталбаган мамлекеттердин катарына кошкон. Республика “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги индексинде 180 өлкөнүн ичинде 122-орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG