Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Днепрде Орусиянын соккусунан өлгөндөр 36га жетти


Ракеталык соккудан кыйраган үй. 15-январь, 2022-жыл.
Ракеталык соккудан кыйраган үй. 15-январь, 2022-жыл.

Украинанын Днепр шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан мерт кеткендердин саны 36га жетти, дагы отуздан ашууну дайынсыз. Улуттук полициянын башчысы Игорь Клыменконун айтымында, курман болгондордун экөө балдар.

Днепропетровск облусунун башчысы Валентин Резниченко 75 адам жараат алганын, алардын 14ү балдар экенин билдирди.

Шаарга 14-январда орусиялык ондогон түрдүү ракета атылганда алардын бири тогуз кабат үйгө тийип, анын бир тарабы толук кыйрап калган. 16-январдагы маалыматтарга ылайык, 39 киши куткарылды.

Киев орустар Х-22 ракетасы менен сокку урганын айтууда. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталары Украинанын аскердик башкаруу мекемелерине тийгенин, сокку максатына жеткенин билдирүүдө.

Бул Орусиянын 2023-жылдагы жана Валерий Герасимов Украинадагы "операциянын" командири болуп дайындалгандан берки биринчи жапырт ракеталык сокку.

Орусия Украинага басып киргенине 11 ай болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG