Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Акылбек Жапаров Ошто “Т” формасындагы жолдун долбоорун көрдү


Акылбек Жапаров президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана башкалар менен. 17-январь, 2022-жыл.
Акылбек Жапаров президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана башкалар менен. 17-январь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров 17-январда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарына кире бериштеги жаңы ачылып жаткан жолдун долбоору менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жапаров “аталган долбоорго кетчү каражаттарды эсептөөнү тездетип, быйылкы жылы долбоорду капиталдык салымдар беренесине киргизүү керектигин” белгиледи.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 660-чакырымындагы, экинчи борбор калаага кире бериштеги жол тилкеси “Т” формасына окшош болгону үчүн ушундай аталыш алган. Андан түз кирүүчү жер Кара-Суу районуна караштуу болгондуктан мурдатан жол курулбай келген.

Бир катар депутаттар маселе көтөргөндөн кийин жергиликтүү бийлик былтыр декабрдан тартып жолдун бир бөлүгүн куруу иштерин баштаган. Жетекчилер жолдун кеминде үч долбоору бар экендигин кабарлашкан. Анын кайсынысы курулары азырынча так эмес.

Ош шаарынын кире беришиндеги Монуев көчөсүндөгү жана борбордук көчөлөрүндөгү унаа тыгындары кескин көбөйүп кеткендиктен, азыр аталган жол зарыл болуп турат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапардын алкагында Ош шаарынын жылуулук электр борбору, Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылындагы насостук станцияны жана башка объектилердин ишин да текшерди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG