Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Мобилизация тууралуу жарлык күчүндө экенин Кремлден ырасташты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусияда президент Владимир Путиндин Украинадагы согушка мобилизациялоо жөнүндөгү жарлыгы күчүндө турат. Бул тууралуу президенттик администрациянын Псков облустук жыйынынын депутаты Артур Гайдукка жолдогон жообунда айтылат.

Документте белгиленгендей, өткөн жылдын октябрында “запастагы жарандарды чакыруу” аяктаган. Бирок аскердик комиссариаттар келишим менен жоокерлерди жана ыктыярчыларды армияга тартууну улантууда.

Өткөн жылдын ноябрында Гайдук Путинге мобилизацияны аяктоо үчүн жарлык чыгарууну сунуштаган. "Яблоко" партиясынын депутаттары да ушундай кайрылуу жазышкан.

Орусия Украинага басып киргенден жети ай өтүп, тагыраагы былтыр 21-сентябрда жарандарды армияга тарткан мобилизация жарыяланган. Бир айдан кийин коргоо министри Сергей Шойгу 300 миң адамды аскерге чакыруу тапшырмасы аткарылгандыктан мобилизация аяктаганын билдирген. Бирок мобилизацияны токтотуу тууралуу президенттин жарлыгы чыккан эмес. Укук коргоочулар мындай документтин жоктугу Коргоо министрлигине кайрадан аскерге чакыруу укугун берип жатканын белгилешүүдө.

Январда британиялык The Times гезити Батыштын чалгын кызматтарындагы булактарына таянып, Орусияда мобилизациянын экинчи айлампасы жарыяланышы мүмкүндүгүн, анын алкагында жарым миллионго чейин адам армияга чакырылышы ыктымалдыгын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG