Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Шойгу орус армиясында аскерлердин саны көбөйөрүн билдирди


Шойгу.
Шойгу.

Орусия аскерлеринин санын үч жылдын ичинде бир жарым миллионго жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу армияны реформалоону талкуулаган жыйында билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, азыр орусиялык аскерлердин саны миллионго чукул. Дагы эки миллионго жакын адам резервде турат.

Реформанын алкагында Карелияда армиялык корпусту, Куралдуу күчтөрдүн эки жаңы конкреттүү стратегиялык аймактык бирикмесин – "Москва жана Ленинград аскер округдарын" түзүү пландалган.

Коргоо министринин армияны реформалоо зарылдыгы тууралуу билдирүүсү Украина менен уланып жаткан согуштун, украин аскерлеринин бир катар аймактардагы ийгиликтүү контрчабуулунун жана былтыр күздө жарыяланган мобилизациянын тушунда жасалды. Расмий маалыматтар боюнча, запастагы 300 миңден ашуун орусиялыктар аскердик кызматка чакырылган.

Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Орусия басып киргенден бери дээрлик 117 миң аскеринен ажырады. Орусиянын Коргоо министрлиги миң аскери өлгөнүн былтыр күзүндө тастыктаган. Би-Би-Синин орус кызматынын жана Mediazona журналисттери 10 000ден орус аскери өлгөнү тууралуу былтыр жыл соңунда иликтөө жарыялаган.

2022-жылдын декабрында Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк согуш башталгандан бери 13 миңге чейин украин аскери каза болгонун билдирген.

Согуш учурунда чатакташкан тараптар бири биринин жоготууларын ашыра көрсөтүшөт. Мындай жагдайда журналисттерде маалыматтарды дароо аныктоо мүмкүнчүлүгү жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG