Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

БУУ: Украинадагы согушта жети миңден ашуун карапайым адам көз жумду


Днепрге урулган соккуда курман болгондордун эскергендер калтырып кеткен гүл жана оюнчуктар.
Днепрге урулган соккуда курман болгондордун эскергендер калтырып кеткен гүл жана оюнчуктар.

Бириккен Улуттар Уюму жаңы баяндамасында Украинадагы урушта набыт болгон карапайым тургундар жети миңден ашканын жарыялады.

Уюмдун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын кеңсесинин 15-январдагы баяндамасына ылайык, Украинадагы апаатта 7031 киши каза болгону айтылат, алардын 433ү балдар.

Дүйнөлүк уюм бул документтештирилиген гана көрсөткүч экенин, чындыгында айыгышкан кармаштын очогуна айланган айыл-шаарларда өлгөндөрдүн саны эселеп көп экенин белгилейт.

Ошол эле учурда украин армиясы жана орус армиясы он миңдеген аскеринен ажыраганы тууралуу жарым-жартылай тастыкталган маалыматтар бар.

Былтыр 24-февралда орус армиясынын Украинага басып киргенин Москва "атайын операция" деп атаса, Киев жана анын союздаштары Кремлдин импералисттик баскынчылыгы деп сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG