Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Беларуста "Вагнерге" окшош жеке аскердик бөлүк түзүлүп жатат


Беларус аскерлери
Беларус аскерлери

Беларуста Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскерлер бөлүгүнө окшош жеке уюм түзүлүп жатат.

Бул тууралуу Deutsche Welle саясатчы Светлана Тихановскаянын Бириккен өткөөл өкмөтүнүн Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча мүчөсү Валерий Сахащикке таянып билдирди.

Анын айтымында, ал "ГардСервис" аттуу жеке күзөт фирмасынын базасында түзүлүп жатышы ыктымал. Ага кадр издөө жана башка уюштуруу иштери бир айдан бери уланып жатканын белгиледи.

Сахащиктин маалыматына караганда, алардын арасында мурдагы офицерлер, прапорщиктер жана атайын операциялык күчтөрдүн жана беларус коопсуздук органдарынын жоокерлери бар.

Орусиядагы “Вагнер” жеке компаниясы – бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга шек саналып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG