Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Башкы прокуратура: Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе тиешелүү органдар чара көрөт


Курманбек Бакиев жана анын жубайы, каза болгон Назгүл Төлөмүшова. Экс-президенттин үй-бүлөлүк сүрөтү убагында бир катар маалымат булактарына жарыяланган.
Курманбек Бакиев жана анын жубайы, каза болгон Назгүл Төлөмүшова. Экс-президенттин үй-бүлөлүк сүрөтү убагында бир катар маалымат булактарына жарыяланган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе ага чыккан сот өкүмдөрүнүн негизинде чара көрүлө турганын жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы аны камакка алууга милдеттүү экенин билдирди. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемесинин маалымат бөлүмү Kaktus.media берген комментарийинде ырастады.

Былтыр баш прокурор Курманкул Зулушев Ошто эл менен жолугушууда Бакиевге байланыштуу суроого жооп берип, мурдагы президент Кыргызстанга келгенге эрки жетип, тергөөгө көрсөтмө берүүнү чечсе, ага эч ким тоскоолдук кылбай турганын билдирген.

Мунун алдында Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшова Беларуста каза болуп, сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-январда болору, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери кабарланды.

Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Төлөмүшова Минск шаарында оорудан улам каза болгон. Аны тажыясына Курманбек Бакиевдин катышары же катышпасы азырынча белгисиз.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Расмий Бишкек аны экстрадициялоо тууралуу бир нече ирет Минскке кайрылып, андан майнап чыккан эмес.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG