Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

ӨКМ: Майлуу-Сууда көп кабаттуу үйлөрдүн 80% жылуулук менен камсыздалды


Майлуу-Суу, сүрөт ӨКМдан алынды. 18-январь, 2023
Майлуу-Суу, сүрөт ӨКМдан алынды. 18-январь, 2023

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 18-январдагы маалыматына караганда, министрдин орун басары Урматбек Мамырканов Майлуу-Суу шаарында жылуулук берүүнү жана таза суу менен камсыздоону калыбына келтирүүнү көзөмөлдөп жатат. Жалпы 27 техника, 170 кызматкер тартылган.

"Учурда № 1, 4 отказан ишке киргизилип, көп кабаттуу үйлөрдүн 80% жылуулук менен камсыздалууда. Мындан сырткары “Кыргызнефтегаз” ишканасы шаардын Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритүү иштерин аткарып, жалпы 1234 абоненттин 807ине ысык суу берилди", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Майлуу-Суу, сүрөт ӨКМдан алынды. 18-январь, 2023
Майлуу-Суу, сүрөт ӨКМдан алынды. 18-январь, 2023

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

17-январга карата эки откананын иши калыбына келтирилген.

Жогорку Кеңештин депутаттары шаршембидеги жыйында Майлуу-Суудагы отказандардын тоңуп калган себептерин, күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн комиссия түзүүнү сунуш кылышты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG