Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Америкага жунгли аралап үч айда жеткен Айжамал


 Мексика чек арасы. Январь, 2019-жыл. Иллюстрация сүрөт.
Мексика чек арасы. Январь, 2019-жыл. Иллюстрация сүрөт.

Акыркы жылдары Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйгөнүн расмий маалыматтар ырастайт. Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып кармалгандар кайра өз өлкөсүнө артка жөнөтүлөт. "Азаттык" Түштүк жана Борбордук Американын 10 өлкөсүн басып, АКШга жеткен Айжамалдын окуясын баяндайт.

Эскерте кетели, мигранттар менен иш алып барган уюмдар жана мамлекеттик мекемелер жарандарды эмгек миграциясына ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип, мыйзамдуу жолдор менен барууга чакырып келет.

23 жаштагы Айжамал 18 жашынан бери чет жерде иштеп жүрөт. Ал акыркы беш жыл ичинде Түркия, Орусия, Германияда эмгек миграциясында болгон.

“Түркияда улгайган кишилерди карап, Москвада дүкөндө иштедим. Быйыл Германияга бүлдүркөн терип, ишке орношком. Мага негизи Батыш өлкөлөрү, иштөө шарттары абдан жакчу. Бирок Орусия-Украина согушунан кийин орус тилдүүлөргө мамиле өзгөрдү. Жетекчим мага адилетсиз мамиле кылып, басым көрсөткөндүктөн келишим аяктаганча эле кетип калдым. Германиядан Кыргызстанга келгенде АКШга баруу тууралуу ой пайда болду. Башында жакындарым Мексика аркылуу кооптуу деп макул болушкан эмес. Кийин аларды көндүрдүм. Ата-энем мага насыяга акча алып берип, кыялыма жетүү жолдорун издей баштадым. Социалдык тармактарда бул тууралуу маалымат жазган топтор көп экен. Арасында океандын ары жагына жеткиче адам чыдагыс кордуктарды көргөнүн айткандар да бар. Мен өжөр, тайманбаган кызмын. Жалгыз жолго чыктым”.

Видеосун бул жерден көрүңүз:

Айжамалдын айтымында, АКШга мыйзамсыз жол менен жиберген атайын агенттиктер иштейт. Бирок Айжамал аларга кайрылган эмес. Мексика аркылуу кетүү жолун кыргызстандык мигранттардан сураштырып, билген экен. Ал Испаниянын Мадрид шаарына учуп, андан ары Эквадорго жеткен. Көпчүлүк мигранттар Эквадорго турист катары барып, андан ары Америкага жетүүнү көздөшөт. Бирок чек арада андай туристтер кайра кайта турган билетин көрсөтүүгө тийиш. Бара турган маршруттук картасын, ага жете турган акчасы бар экени да текшерилет.

“Эквадордун борбору Китодо мигранттардын документтери, вакцина, жатакананы же кайта турган билет тууралуу маалымат текшерилет. Негизи, Эквадор менен Кыргызстандын ортосунда визасыз режим бар. Бирок Эквадор аркылуу Мексика, Мексикадан ары АКШга кеткендер көп экенин ал жердеги чек арачылар да билип бүтүптүр. Ошондуктан көбүн ошол жерден эле чек арачылар үйлөрүнө кайтарышты. Менин алдымда эле он чакты кыргыз бала чек арадан өтө албай калды”.

Таңкы саат 5, токой аралап Панамага бараткан мигранттар.
Таңкы саат 5, токой аралап Панамага бараткан мигранттар.

Эквадордон ары Айжамалдын тобу 10 сааттан ашык жол жүрүп Колумбияга жеткен. Мигранттар ортомчулардын жардамы менен Колумбиянын Медельин, Некокли шаарына чейин автобус менен барышкан. Андан ары Панама өлкөсүнө чейин миңдеген мигрант жунгли токоюн аралап өтүшү керек экен.

“Бир нече топторго бөлүнүп жолго чыктык. Жолдон жей турган тамак-ашыбызды камдап, резинке өтүк алдык. Жунглини “өлүм жолу” деп да атап коюшат экен. Анткени миңдеген адам ылай, шар аккан сууну кечип өтүшөт. Мага башка мигранттар жолдон өлгөн адамдар болот деп айтышкан эле. Мен суудан агып өлгөн бир адамдын сөөгүн көрдүм. Тереңдиги мойнуңа жеткен суудан өтүш керек экен. Жунглиде бир убакта миңдеген адам жүрдү. Мени менен дагы эки кыргыз жигити бар болчу. Көбү венесуалалыктар эле. Биз 5-10 мүнөт дем алып, дээрлик токтобой үч күн жол жүрдүк. Палата тигип, уктап жаттык. Жунглиде ар кандай адамдарды көрдүм. Балдарын, ал тургай ымыркайларын көтөргөн ата-энелер, майыптыгы бар адамдар. Мен абдан кыйналдым. Кээде токтоп, отуруп, ыйлаган учурларым болду. Бирок, мигранттар бири-бирибизге жардам берип, чогуу өткөнгө аракет кылдык”.

Түштүк Американын токойлорунда мигранттар чатыр тигип, түнөп жатышкан.
Түштүк Американын токойлорунда мигранттар чатыр тигип, түнөп жатышкан.

Панамада качкындарды БУУнун ыктыярчылары тосуп алган. Андан ары алар бир нече күн жүрүп, Коста-Рика, Никарагуа өлкөсүнө жетишкен. Айжамалдын айтымында, тил, мыйзам билбеген мигранттар көп учурда шылуундарга туш болот. Ошондон улам Мексикага жеткенге чейинки жолду көбү кооптуу деп эсептешет. Айжамал Мексикага чейин 10 өлкөнү басып өткөнүн кеп салды.

“Түркия, Испания, Эквадор, Колумбия, Панама, Коста-Рика, Никарагуа, Гондурас, Гватемала, анан Мексика. Никарагуа, Гондурас, Гватемала өлкөлөрү бизге окшогон мигранттар үчүн өтө кооптуу өлкөлөр экен. Алдап, тоноп, өлтүрүп койгон учурлар ушул өлкөлөрдө көп деп айтылат. Жакырчылык, анан чоочун адамдарды кабыл ала бербейт экен. Гватемаладан Мексикага сууда сүзүп өттүк. Мексикага барганда атайын гуманитардык виза алуу керек. Жалгыз болсоң бир апта, үй-бүлөң болсоң 11-12 күнгө берет. Бирок ал кагазды алуу да тирүүнүн тозогу. Атайын лагерлерде, эч шарты жок жерде күтүп жатасың. Мексиканы мыйзамсыз кесип өтүп жаткандыктан, баскан жерден эле токтото беришет экен. Кармагандарын камакка айдай беришет. Мени да ортодон кармап кетишти. Колуңда дайыма акча болуш керек. Мексиканын миграциялык кызматында мага аял адис туш келди. Ал менин жалгыз жүргөнүмдү көрүп боору ооруду окшойт. Документтеримди жасап берди. Ал документ менен Мексиканын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө мүмкүн болду. Антпесе улам токтотуп, камакка алышмак.”


АКШга жол тарткандар арасында Мексиканын чек арасынан өтө албай артка кайткандар да жок эмес. Айжамал андан ары АКШга жетүү үчүн Мексиканын токой-черин аралап, 20 күндөй жол жүргөн.

“Мексикадан ары жол өтө татаал экен. Жол узак, оор болду. Улам ар бир посттон токтоп жаттык. Автобустарга кирип эле "документ, баңгизат жокпу" деп текшеришет экен. Мексиканын чек арасынан да автобусттарды кайтарып жатышты. Биз ал жерден жөө өттүк. Турист катары мыйзамдуу өткөнү болот, документи жок качып өткөнү болот. Башпаанек сураганы болот. Ошентип, бизди “Америкага кош келдиңер!” деген жазуу менен чек аранын аркы бетинде автобустар тосуп алды. Аны атайын фонддор уюштурат. Алар андан ары Калифорния штатына алып кетишти. Тосуп алган ыктыярчылар бизге “алты ай убактыңар бар, тил үйрөнгүлө, мыйзамдуу жүргүлө” деп эскертишет экен”.

Мексика менен АКШнын чек арасынан өтүп жаткан адамдар.
Мексика менен АКШнын чек арасынан өтүп жаткан адамдар.

Айжамал ушул тапта Кошмо Штаттардын Чикаго шаарында. Ал жакында эле курьердик кызматка ишке орношкон.

“Чикагодо кыргыздар көп жолугуп жатат. Алар мага жардам берип, жол көрсөтүп жатат. Мен башында Калифорнияга каттоого турган болчумун. Кийин Чикагого келдим. Негизи бул жакта ар бир штаттын өзүнүн эрежелери, мыйзамдары болот экен. Мага жарым жыл ичинде документимди мыйзамдаштырууга уруксат беришкен. Азыр Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен машина айдап жатам. Азыр да кыргызча ырларды коюп, буйрутманы жеткирип жүрөм. Дүкөн, метро, көчөдөн кыргыздарга көп эле жолугуп калам. Америкада убактымды текке кетирбей, англис тилин үйрөнөйүн деп жатам. Кыргызстанда юрист адистиги боюнча окууга тапшырып, бирок толук окуган эмесмин. Буюрса кийики жылы бул жакта окууга тапшырам, билим алам. Бирок ага чейин ата-энеме жол киреге алган акчамдын насыясын төлөшөм деп турам. Ушул жерде мени колдоп, түшүнгөн ата-энеме, өзгөчө апама ыраазычылыгымды билдиргим келет”.

Айжамал ошентип, Америкага дээрлик үч ай жол жүрүп, 13 миң доллар короткон.

“Эки ай 21 күн жол жүрдүм. Менден акча аз же көп короткондор да болду. Бирок мен коопсуздук маселесинен улам жатаканага, документтерге көп акча короттум. Мисалы, Мексикадан Америкага өткөн чек арада мен бир аптадай күтүп отурдум. Документтеримди тактап, анан өттүм. Мен өтө узак жана өмүрүңдү тобокелге салган жолду тандаптырмын. Жакында эле жунглиден сууга агып кеткендер арасында кыргыз мигранттары да болгонун уктук. Аябай өкүнүчтүү. Ошондуктан, бул ар бир адамдын өз тандоосу”.

АКШга Эквадор аркылуу жеткен Айжамал.
АКШга Эквадор аркылуу жеткен Айжамал.

Социалдык баракчалардагы ар кандай топтордо Америка Кошмо Штаттарына бир гана Мексика маршруту менен эмес, Жапония, Европа, Германия, Венгрия аркылуу кеткен жолдор бар экенин жазып жатышат. Түштүк Америкадагы Эквадор өлкөсү аркылуу кетүүнү сунуштагандар бар. Бирок бул өтө катаал жолдордун бири. Буга чейин "Азаттык" АКШга барып, жаңы турмуш баштайбыз деп кыялданып, ортомчу агенттиктерге алданып калгандар тууралуу баяндаган.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, 1 млн. 200 миңге жакын Кыргызстандын жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү - 1 млн. 63 миңдейи Орусияда. Кыргызстандыктар иштеп жүргөн экинчи өлкө - Казакстан. Ал жакта 30 миңдей мигрант бар. Түркияда - 20, АКШ жана Араб өлкөлөрүндө 10 миңдей.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кошмо Штаттарда болжол менен 26 миңдей кыргызстандык атуул иштеп, жашап жатат. Булардан сырткары Түштүк Корея, Европа өлкөлөрүндө да убактылуу жашап-иштеген мекендештер бар.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG