Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Депутат эмгек мигранттарын АКШга жиберүүнү сунуштады


Американын чек арасындагы мигранттар.
Американын чек арасындагы мигранттар.

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев АКШ менен эмгек мигранттарын жиберүү боюнча расмий келишим түзүүнү сунуштады.

Парламенттин 11-январдагы отурумунда депутат Абдалиев АКШда жүк ташуучу автоунаа айдаган мигранттар айына 10 миң доллардан өйдө каражат таап жатканын айтып, Орусия же башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк киреше табарын белгиледи.

"Орусиядагы мигранттар айына орто эсеп менен 500 доллар алат. Ал эми АКШда айдоочу болуп иштегендер 10-30 миң долларга чейин табат экен, эң эле жалкоосу 10 миң доллардан эмгек акы алат. Алар бир айылды багып жатат. Орусия менен мамилени сыйлайбыз, бирок АКШга мигрант жиберүү биз үчүн пайдалуу", - деди депутат.

Абдалиев эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаевге кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселеси менен АКШ өкмөтүнө кайрылууну сунуштады.

Министр Кудайбергенов бул маселе каралып жатканын, Түштүк Кореяга эмгек мигранттарына берилген квота 2 миңге көбөйгөнүн билдирди.

"Англияга мигранттарды жиберип жатабыз. Жакында Германияга медайымдарды жиберүү каралууда. Алар тил билиши керек экен. Атайын курстарды окугандан кийин барышат", - деди Кудайбергенов.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин соңку маалыматында 1 млн. 200 миңге жакын Кыргызстандын жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Алардын - 1 млн. 63 миңи Орусияда. Кыргызстандыктар иштеп жүргөн экинчи өлкө - Казакстан. Ал жакта 30 миңдей мигрант бар. Түркияда - 20, АКШ жана Араб өлкөлөрүндө 10 миңдей.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Кошмо Штаттарда болжол менен 26 миңдей кыргызстандык атуул иштеп, жашап жатат. Булардан сырткары Түштүк Корея, Европа өлкөлөрүндө да убактылуу жашап-иштеген кыргызстандыктар бар.

Бирок чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын саны расмий көрсөтүлгөндөн алда канча көп экени айтылып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG