Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

ККМдин жаңы моделине өтүү мөөнөтү эки айга жылдырылды


ККМ аппараты.
ККМ аппараты.

Мамлекеттик салык кызматы көзөмөл-кассалык машиналардын жаңы моделине өтүү мөөнөтү эки айга узартылганын билдирди.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, ишкерлер мартка чейин ККМдин жаңы моделине өтүшү керек. Салык кызматы бул талаптын аткарылышы үчүн былтыр 31-декабрга чейин убакыт берилгенин, ишкерлердин кайрылууларынан улам мөөнөтү узартылганын билдирди.

1-апрелден тарта ишкерлерден товарларды маркалоо жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде көрсөтө башташы талап кылынат.

Базарларда, чакан базарларда, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө соода кылгандар 1-апрелге чейин ККМ колдонбой, патенттин негизинде иштесе болот.

Салык кызматы ишкердиктин бир катар түрүнө ККМди колдонбоого уруксат берилгенин маалымдады. Алардын тизмеси:

  • күркөлөрдө гезит-журналдарды, алкоголдук ичимдиктерди жана тамекиден тышкары башка товарларды сатуу;
  • кол арабаларда, текчелерде, күркөлөрдө гүл өстүрүү, айыл чарба азыктарын, нан, сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;
  • цистерна же челектерден квас, сүт, муздатылган жана улуттук суусундуктарды чекене сатуу;
  • окуу жайлардагы ашканаларда жана буфеттердеги коомдук тамактануу кызматтары.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны соңку бир жылда дээрлик үч эсе көбөйгөнүн билдирген. 2022-жылдын жыйынтыгы менен ККМ колдонуп иштегендердин саны 64 миңден ашты. 2021-жылы бул көрсөткүч 22 миңдей болчу.

Салык кызматынын эсеби боюнча, ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңдин тегерегинде.

Салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында өкмөт ККМ талап кылууга былтыр киришкен. Буга каршы ишкерлер республиканын көпчүлүк аймактарында нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG