Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Төө-Ашууга түшкөн кар көчкү тазаланды


Төө-Ашуу.
Төө-Ашуу.

Бишкек-Ош жолундагы 132-чакырымда жайгашкан Төө-Ашууга 10-январда саат 22:45те түшкөн кар көчкү тазаланды.

Ашууга 4 миң метр куб өлчөмүндөгү көчкү түшүп, жол толугу менен жабылып калган.

Бир автоунааны көчкү басып калган, жолчулар андагы жүргүнчүлөрдү аман-эсен алып чыгышты.

Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады.

Кар көчкү 11-январдын таңына чейин толук тазаланып, жол кыймылы калыбына келди.

10-январда кечки саат 16:20дан кийин Сосновка автожолуна аба ырайынын бузулушунан улам жүк ташуучу машинелердин өтүшүнө чектөө кирген.

9-январдан бери Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болгондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, айдоочуларды алыс жолго чыкпай турууга чакырууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG