Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Бишкектеги акцияда милиция "Политклиниканын"кабарчысын кармап, кайра бошотту


10-январдагы акция. Бишкек.
10-январдагы акция. Бишкек.

10-январда Бишкекте өткөн акцияда "Политклиника" сайтынын кабарчысы Эркайым Асанканова да кармалып, Биринчи май райондук милициясына жеткирилди. Ал бир канча убакыттан кийин кое берилгенин аталган сайттын жетекчиси Дилбар Алимова "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда милиция кабарчыны акцияны түз эфирде чагылдырып жүргөн жеринен кармап кеткен.

Акцияны жеринен чагылдырып жүргөн "Азаттыктын" журналисти Бакыт Төрөгелдини да милиция кармап, атайын автоунаага салып кете жаздаган. Ал жерде тургандар менен журналист өзү окуяны чагылдырган медианын өкүлү экенин айтканда гана коё беришкен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындары менен тарапташтарынан жүздөй киши нааразылык билдирип чогулган. Алар абактагыларды үй камагына чыгарууну, тергөөнү бейтарап жүргүзүүнү жана мыйзамдардын сакталышын талап кылган.

Министрликтин алдында акция өткөрүүгө тыюу салынганы эскертилгенден кийин акциянын катышуучулары Горький паркына карай жөнөшкөндө милиция айрымдарын кармап кеткен.

Азырынча канча кишинин кармалганы белгисиз, ИИМ маалымат бере элек.

Ошол жердеги милиция кызматкерлери алар ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөндүктөн кармалганын билдиришти.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Бир катар эл аралык уюмдар камактагыларды бошотууга чакырган.(TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG