Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Райондук сот Тенгиз Бөлтүрүктү 10-мартка чейин абакта калтырды


Теңгиз Бөлтүрүк.
Теңгиз Бөлтүрүк.

Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд" компаниясынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү 10-мартка чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматта буга чейин Башкы прокуратуранын тергөө тобунун жетекчиси аны камакта калтыруу өтүнүчү менен сотко кайрылганы айтылат. Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалууда.

Октябрь райондук соту 4-ноябрда “Kумтөр Голд Компанидеги” коррупцияга байланыштуу камалган Бөлтүрүктү 10-январга чейин камоо чечимин чыгарган.

25-ноябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган.

Башкы көзөмөл органы ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган. Баш-аягы үч кылмыш иши козголгон.

Сотто Тенгиз Бөлтүрүк бул ишке тиешеси жок экенин айткан.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

Ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу Бөлтүрүк жетектеген “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-ноябрда Жогорку Кеңеште Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине бөлүнгөн каржылоо токтогонун, буга чейин берилген каражаттын калганы кайтарылып, иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде, Тенгиз Бөлтүрүктүн ишине сот гана чекит коёрун билдирген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG