Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

ККМ колдонгон ишкерлер бир жылда үч эсе көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда контролдук-кассалык аппарат (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны соңку бир жылда дээрлик үч эсе көбөйдү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 2022-жылдын жыйынтыгы менен ККМ колдонуп иштегендердин саны 64 миңден ашты. 2021-жылы бул көрсөткүч 22 миңдей болчу.

Салык кызматынын расмий өкүлү Эркин Сазыковдун айтымында, Салык кодексине өкмөт сунуштап жаткан өзгөртүүлөр кирсе, ККМ колдонгон ишкерлерге кошумча жеңилдик берилет:

“Ошол жерде атайын пункт бар. Салыктан бошотуу мурда бир жыл эле болчу. Эми, сунушталып жаткан өзгөрүүлөр кабыл алынып калса, мөөнөтсүз болот. Тагыраак айтканда, эгер жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган чакан ишкер сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура колдонсо, биз аны Соцфонддун төлөмү менен киреше салыгынан тышкары башка салыктардын баарынан бошотобуз”.

Салык кызматынын эсеби боюнча, ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңдин тегерегинде.

Салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында өкмөт ККМ талап кылууга былтыр киришкен. Буга каршы ишкерлер республиканын көпчүлүк аймактарында нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG