Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Медициналык билим берүү: Сапатты аксаткан ишкердик


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жыл мурдагы Кыргызстандагы талапка жооп бербеген медициналык билим берүү жайларын жабуу аракетинин натыйжасы эмне болду?

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билим сапаты төмөн медициналык окуу жайларды жабууну көздөсө, анын бул буйругун мыйзамсыз жана популисттик кадам катары сындагандар да болгон.

Президенттин алдындагы эл аралык ишкер кеңеш иликтөө жүргүзүп, медициналык окуу жайлардын сапатын жакшыртуу сунуштары ишке ашпай жатканын, Билим берүү министрлиги тарабынан жеке менчик окуу жайларын лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылбай жатканын сындады.

Акыйкат териштирүү же атаандаштарга чабуул?

Былтыр январда Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү медициналык багыттагы 24 окуу жайды текшерип чыгып, алардын он жетисин "талапка жооп бербегендиктен" жабууга буйрук чыгарып, Министрлер кабинетине сунуш киргизген. Анын ичинен алты окуу жайы мамлекеттик, он бири жеке менчик медициналык окуу жайы экени көрсөтүлгөн.

Бул демилгени саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көтөрүп чыккан.

Былтыр 22-апрелде министрликтин алдындагы жумушчу топтун сунушу менен клиникалык базасы жок же сапаты начар медициналык окуу жайлар кыскартылып, талапка жооп берген 12си калары белгиленген. Бирок министр Бейшеналиев кызматынан кетип, ага бир топ кылмыш иштери ачылып, кайра жабылгандан кийин анын бул демилгеси токтоп калганы маалым.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдувахап Нурбаев экс-министрдин демилгеси жеке кызыкчылыкка байланганын, билим сапатын жогорулатуу боюнча рационалдуу чечим болбогонун билдирди:

"Материалдык-техникалык базасын, клиникалык абалын оңдоого убакыт берип, бир буйрук менен эле тыюу сала койбой, мүмкүнчүлүк берсе бир жөн эле. Демек, бул жерде күчтүү кол аркылуу башка бир кызыкдар тарап өздөрүнүн атаандаштарын жаптырып, чет элдик студенттерди өзүнө тартуу аракети бар деген пикирлер болду. Мен дагы ушул пикирге кошулам. Бул жерде чет элдик студенттер өз ыктыяры менен келип, акчасын төлөп, бул жакта жашап, окуп жаткандан кийин, ал окуу жайлардын абалын оңдоого өбөлгө түзүү керек. Медициналык окуу жайларга Кыргызстанга канча көп чет элдик студент келип окуса, ошончолук инвестиция келип жатат деген түшүнүк болушу зарыл".

Ишкер кеңештин иликтөөсү: ишке ашпаган сунуштар

Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңеш бул боюнча иликтөөсүн жарыялап, жеке менчик жана айрым мамлекеттик медициналык окуу жайлардын окутуучулук-профессордук курамы толук эместигин, студенттердин санынын аздыгына карабай, лицензия алып, иштеп жатканын, көбүнүн материалдык-техникалык жана клиникалык базасы талапка жооп бербей турганын аныктаган.

Жыйынтыгында сунуштар иштелип чыгып, Билим берүү жана илим министрлигине жолдонгон.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова бул сунуштар ара жолдо калганын белгиледи:

"Бул жерде чоң көйгөй ошол медициналык окуу жайларын лицензиялоого байланыштуу. Тармакта коррупциялык чийимдер канчалык демонтаж болуп жатканын карап көрүү керек. Бирок, биздин былтыркы сунуштарыбыз жемишин бербеди. Анын бардыгы толугу менен ишке киргизилген жок. Билим берүү министрлиги мына ошол сунуштарды ылайыгына жараша карап чыгып, кабыл алууга тийиш болчу. Билим берүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги биргеликте иштеп, бул багытта жыйынтык чыгарып, ушул кезге чейин бир чечимге келиши керек эле. Андай иштер болгон жок. Биз баш-аягы конкреттүү мисалдар менен төрт окуу жайды жабууга сунуш бергенбиз. Министрликтер бул боюнча чара көрүп, аларды жабууга сотко өтүнүч келтириши зарыл эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе кылыша элек. Абал ошол бойдон калууда".

Билим берүүдөгү "ишкердик"

Кыргызстанда медициналык окуу жайларды ирээтке салуу маселеси бир топ убакыттан бери көтөрүлүп келген. Кыргызстанда медициналык билим берген үч мамлекеттик жогорку окуу жайы бар.

Алар – Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы жана Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультеттери. Бул окуу жайлар ишмердигин жүргүзө бере турганы белгиленген.

Ал эми Кыргыз Улуттук университетинин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин дарылоо факультеттери жабыларын экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев айткан.

Кыргызстандын жалпы жогорку окуу жайларында 232 миң студент окуса, анын 82 миңи чет элдиктер экени, көпчүлүгү медициналык адистикте окуй турганы көрсөтүлгөн.

Билим берүү боюнча эксперт Жылдызбек Аширалиев соңку мезгилде Индиядан, Пакистандан жана Өзбекстандан келген студенттерди окутууга байланышкан "көмүскө" ишкердик күч алганын билдирди:

"Мисалы үчүн керек болсо, Жалал-Абадда, Кантта жеке менчик медициналык окуу жайларын ачып алышкан. Ал жерде медициналык деген аты эле бар. Билим берүү министрлиги мына ошол окуу жайларын ачууга лицензия берип салган. Алардын клиникалык эле эмес, кадимки материалдык-техникалык базасы деле жок. Анан аябай мен таң калам, ал жакта жергиликтүү жана чет элдик студенттерди келишимдик негизде окууга чакырып, алардын акчасын алып эле отурушат. Министрлик лицензия берип жатканда, ошону бир текшерип коюшса болмок. Ар бир облустук борборлордо медициналык окуу жайларын ачып, бул нерсе кадимки "ишкердик" болуп калды".

Билим экспорту: колдоо же тоскоолдук?

2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларын "кара тизмеге" киргизип, өз атуулдарын ал окуу жайларга тапшырбоого чакырган. Буга Кыргызстанда дарыгерликке окуп, диплом алган пакистандыктардын 90% мекенине барганда кесипке шайкештигин текшерген милдеттүү сынактан өтпөй, дипломдору жараксыз болуп жатканы жүйө келтирилген.

Улуттук статистика комитетинин 2021-жылкы маалыматы боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына Индиядан 14 миң, Пакистандан 4498, ал эми 274 студент Ооганстандан келгени белгиленген.

Ошондой эле КМШ мамлекеттеринен , анын ичинен Өзбекстандан эң көп студент (51 605 студент) окуйт. Казакстандан 1985, Орусиядан 1672, Тажикстандан 1595 студент билим алып жатканы көрсөтүлгөн.

Жалал-Абад шаарындагы медициналык-социалдык жеке менчик илим изилдөө институтунун окуу иштери боюнча проректору Талант Нарынбетов медициналык билим берүүнүн экспортун өнүктүрүү эмес, ага тоскоолдук күчөп жатканын айтты:

"Биз өзүбүз эле Пакистанга дагы, башка чет өлкөлөргө дагы туура эмес маалыматтарды таратып, өзүбүздү өзүбүз жаман көргөзүп келе жатабыз. Чет элдик студенттерди медициналык окуу жайларга тартуу боюнча билим берүү экспорту Борбор Азия чөлкөмүндө алгач Кыргызстанда башталган. Мамлекет чет элдик студенттерди тартууга колдоо кылса, бул бир эле окуу акысы же андан түшчү салыктарга эмес, алардын бул жактагы жашоо акысы, тамак-ашы сыяктуу көп каражат алып келерин, бул чоң инвестиция экенин түшүнүп, ошого жараша мамиле болсо болот эле".

Былтыр 21-февралда Пакистандын өкмөтү Кыргызстандагы медициналык окуу жайларын "кара тизмеден" чыгарып, медициналык комиссиянын А, В жана С тизмелеринде орун алганы жарыяланган. Ага ылайык, Кыргызстандан медициналык билим алган пакистандык абитуриенттер өлкөдөгү медициналык окуу жайларына эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алары айтылган.

Медициналык билим берүүнүн сапаты

Кыргыз медициналык академиясынын окуу иштери боюнча проректору Кеңешбек Ырысов жеке менчик окуу жайларынын айынан академиянын атына көө жабылып жатканына кабатыр.

"Биздин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан бүткөн пакистандык студенттердин 90% сынактан тапшыра албай калыптыр дегенге кошулбайм. Тескерисинче, биздин бүтүрүүчүлөр мыкты окуп, бүтүрүп, ошол жактан дипломдорун таанытып, адис-дарыгер катары иштеп келе жатат. Биздин окуу программабыз эл аралык стандартка жооп берет. Эл аралык медициналык билим берүү боюнча 20 жылдык тажрыйбабыз бар. Ошондуктан биз тигил "кара тизмеге" кандайча түшүп калганына таң калганбыз. Ошол эле кезде Пакистандын элчилиги менен байланышып, териштирсек, ал жакта биздин окуу жайдын атын сатып, иш жүзүндө студенттерди жеке менчик окуу жайларына алып келип, окуткан өнөкөт бар экен. Ошонун айынан биздин акадмемиянын аброюна көлөкө түшүп жаткан экен".

Талант Нарынбетов окуу жайдын базасы талапка жооп берерин, ошондуктан быйыл эл аралык аккредитация алынганын билдирди:

"Бизде окуу жайы чакан болгону менен материалдык-техникалык базанын абалы аябай жакшы. Биздин окуу жай жеке менчик клиникасы бар өлкөдөгү беш жогорку окуу жайынын тизмесине киргенбиз. Быйыл эле эл аралык аккредитациядан өтүк. Бизге студенттер тарабынан билим сапатына байланыштуу нааразылык болгон эмес.Окуу жайы жеке менчик болгону үчүн гана жанагы тизмеге киргизилип калып, бирок бардыгы текшерилип, бардык жагдайлар изилденип чыккан. Былтыр жолу комиссия келип, "бардыгы жакшы" деген тыянак чыгарып кеткен. Биз окутуучулук курамга мүмкүн болушунча илимдин кандидаттарын тартып, ошолор менен иштешкенге аракет кылып жатабыз. Бизге жумушка алууда англис тилин билүүсү - башкы талап. Бизде Пакистандан келген мугалимдер да бар. Алар менен келишим түзүп, жумушка уруксат алуу боюнча иштер жүрүп, кызматташып келе жатабыз".

Экс-министрдин буйругу: арзан популизм?

Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев сынга кабылган медициналык окуу жайларга былтыр 1-апрелге чейин клиникалык базасы бар экенин далилдөөгө убакыт берилгенин билдирген. Бул аралыкта окуу жайлар сапаттуу медициналык билим берүүгө жарамдуу экенин далилдей алса гана лицензиялары сактап кала алмак.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болгон Жаркынбек Касымбеков мурдагы министрдин кадамын сынга алып, анын буйругун жокко чыгарган:

"Алымкадыр Бейшеналиев иш жүзүндө медициналык окуу жайларын жапкан эмес, жаба да алмак эмес. Ал анын популисттик эле кадамы болгон. Себеби биздин министрликтин андай укугу жок. Саламаттык сактоо министрлигинде лицензия берүүдө клиникалык базага байланыштуу талапка карата макулдашуу жобосу боюнча гана укукка ээ. Буйрук мыйзамдан ылдый турат. Ошондуктан биз аталган буйрукту жокко чыгарууга аргасыз болдук. Андай кылбай, иштей берсек, анда биз мыйзамсыз иш алып барып жаткан болуп калат элек".

"Билим берүү тууралуу" мыйзамга ылайык, жогорку, атайын орто билим берүүчү окуу жайларын лицензиялоо укугу Билим берүү жана илим министрлигине берилген.

Анын лицензиялоо башкармалыгынан клиникалык база боюнча талапка карата медициналык окуу жайларынын канчасынын уруксаты сакталганын, канчасыныкын сот аркылуу жокко чыгарууга өтүнүч келтирилгени боюнча маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбеков былтыр бул маселе комиссиялык тартипте каралып, жыйынтык чыгарын айткан.

"Ириде саламаттык сактоо министрлигинин буйругун биз "сигнал" катары кабыл алдык. Демек, биз муну иш-планга киргиздик. Аны лицензиялык көзөмөл деп коёт. Ошого ылайык, жанагы айтылган 12 медициналык коллеждин ишмердигин карап чыгабыз. Саламаттык сактоо министрлиги, мүмкүн чынында эле жөн жерден жазбаган чыгаар. Экинчиден, кандай учурда окуу жайлар жабылат? Мыйзамга ылайык, лицензияны жокко чыгаруу соттун гана ыйгарым укугунда. Жобо боюнча дагы ошондой. Лицензиянын күчү соттун чечими менен гана токтотулат".

Ал эми Кыргыз Улуттук университетинин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин дарылоо факультеттери жабыларын экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев былтыр белгилеген.

Ал ошондой эле талапка жооп бербейт деген негизде жеке менчик АДАМ университети; Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту; Эл аралык медицина жогорку мектеби; Кыргызстандын Эл аралык университетинин медицина институту; Салымбеков университети; "Авиценна" эл аралык медицина университети; ЕУ Эл аралык медицина университети; Эл аралык медицина университети; Роэль Метрополитен Университети; АВС Академиясы; Эл аралык Медицина жана илим университети; Эл аралык Илим жана бизнес академиясы; Бишкек Эл аралык медицина институту; Медико-социалдык илим-изилдөө институту; Кыргыз Медико-социалдык институт жана Ош Эл аралык медицина университети лицензиядан ажырай турганын айткан.

Азыркы учурда бул медициналык окуу жайларынын бардыгы иштеп жатканы белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG