Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Медициналык ЖОЖдорду ачууга убактылуу мораторий алына элек


Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын бири.
Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын бири.

Кыргызстанда медициналык багыттагы менчик жогорку окуу жайларды ачууга убактылуу мораторий күчүндө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Бообекова бүгүн, 2-декабрдагы басма сөз жыйынында айтты.

"Азыркыга чейин ачылган жогорку окуу жайлар билим берүү сапатын жакшыртууга аракет кылып жатат. Клиникалык пайдубалын түптөп, өнүктүрүп, талап кылынган медициналык жабдуулар менен камтуунун үстүндө иштеп жатышат", - деди Бообекова.

Бообекованын айтымында, өлкөдө 22 жогорку окуу жайында медициналык билим берилип жатат, 27 окуу жай орто медкызматкерлерди даярдоодо.

Министрлер кабинети 2021-жылы ноябрь айында жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берүүгө убактылуу мораторий киргизген.

Мораторий жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын 1-январынан тартып, 2023-жылдын 1-январына чейин күчүндө болору кабарланган.

Быйыл февраль айында мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын 17син жабууну көздөп жатканын айтып чыккан. Ал муну "колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып, бизнеске айланып кеткени" менен түшүндүргөн.

Бейшеналиев иштен кеткенден кийин Саламаттык сактоо министрлиги айрым медициналык окуу жайлардын лицензиясын жокко чыгаруу жараянын токтотконун билдирген.

Расмий маалыматта Кыргызстандагы 22 медициналык жогорку билим берген окуу жайлардын бешөө мамлекеттик, 17си жеке менчик. 2016-жылдан 2021-жылга чейин 12 жылдык билим базасында беш жылдык окуу мөөнөтү менен, англис тилдүү чет элдик жарандар үчүн "Дарылоо иши" программасын ишке ашырган 10 жаңы ЖОЖ ачылган.

2021-22 окуу жылында медициналык багытта 39 851 студент билим алса, анын 24 миңден ашуунун чет өлкөлүк жарандар түзгөн. Басымдуу бөлүгү Пакистан, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG